Бегиш, Мирбек Атабеков Айтчы

Жүктөлгөн: 10-02-2015
03:12
45.99 Мб
Бегиш , Мирбек Атабеков "Айтчы"
Кайырма:
Айтчы, сен белең мени жашоодо күткөн?
Айтчы, сени издеп ааламды айланып бүткөм?
Мага бүт көңүлүм сен,
Мага бүт өмүрүм сен.
Өзүңдү элестетсем, мээримдей төгүлүп сен,
Айтчы, сен белең, мени жашоодо күткөн?

Эй, досум, карачы, жерге тийбей басканын,
Жүр, артынан ээрчийличи карабастан башканы.
Узун чачтары, артка ташталып,
Сүйүп калдым деп айтпаймын.
Балким кетет башталып,
Жакын барып таанышып.
Бирибизге жагышып,
Көз караштар алышып.
Жылдыздардай жанышып,
Уялбастан карачы.
Мен кыргыздын баласы,
Кадамымды саначы.
Толук ыктымал менин барышым,
Кантип мен мынча жыл.
Бир өзүңдү таппадым?
Кантип сендей сулуу,
Көз алдымдан баспады?
Тартип сенде бар экен,
Бүт аалам сага зар экен.
Тартынба айтуудан,
Катылган сырлар бар экен.

Кайырма:

Жанып турган сезимимдин,
Козголгонун карачы.
Жагып калдың, бул чындык,
Сен колумду кармачы.
Кетели, бирге жашоо жолунда,
Сени менен өмүр сонундай.
Мени эгер жактырсаң,
Бирге түшөлү сүйүү торуна.
Бекем кысып боорума,
Мен кармаймын колуңдан.
Даяр бол, бирге болууга,
Адашпайсың жолуңдан.
Мен сен деп, сен мен деп,
Жетели бакыттын соңуна.
Ишенсең мен да ишенем,
Суроом бар сенин жообуңа.
Айтчы, барбы бирөө?
Сени ойго салган күндө?
Уктатпай, күн батпай, сенин сезимдериң жүдөп?
Болсо эгер ошондой жигит,
Бузууга менин акым жок.
Болсом деймин оюңда сенин,
Күтөмүн сенден анык жооп.

Кайырма:
Комментарийлер (36)
Tomega
2015-02-12 17:55:48
Ырдын мааниси жок.Айтчы деген созду жуз жолу кайталаганбы не баляя.
0
Jakenov
2015-03-02 04:09:33
Tomega,
0
adylchik
2015-02-12 21:57:47
болот корсо сонун
0
aika_87_2007
2015-02-13 00:37:15
мирбек азаматсыз бирок ак очки жарашкандай деп айтуу кыйын унуно талантына баракелде береке
+1
batma1996
2015-02-14 23:19:04
Мага жакты ыр азаматсынар кечке ырдап журом айтчы айтчы:)
0
Jaz3
2015-02-15 21:47:39
мирбек точна фуу кенеш тобунун клибине окшош экен клибиниз десе мен кенеш тобун билбейт экемин дегенден бери эле фуу аллергия бул не деген ыр
-1
Ashka
2015-02-16 19:34:03
Суппер баары. Атабеков суперсин.
0
Jakenov
2015-02-19 04:06:25
мэзгилден арта калыптырсынар эл жрут
Бул жигиттер оз жумашун билишет
0
janateli
2015-02-19 12:43:01
Саламатсыздарбы браво тасмасынан алынган ыпды жуктоп койо аласыздар алдын ала рахмат
0
http
2015-02-19 13:31:58
janateli, куууун ыссыккы деп издесениз сайтта бар
0
balaary
2015-02-22 04:16:30
Клипке такыр тушунбодум))) мага бут омурум сен. Мага бут конулум сен дегенди кандай тушунсо болот. Кыргыз тилин мен унутуп калдымбы же ырчы соройлорбу
0
Tima_90_kg
2015-02-24 01:25:14
balaary э тууган бул создор жаны создор ырчылар азыр жаны создорду ойлоп таап Кыргыздын соз байлыгын кобойтуп жатмайбы айтатко Таппай калсан сыйпалап кал деп ошол сыяктуу жакшына Нукура кыргыздын создору менен ыр чыгарбай азыр жарым жарты создор менен ыр чыгарып калган и еще тиги туугандардан ыр которуп жатканда да кичине маанисине карап которсо болмок деги бул ырчы эмес деп йолойм себеби Биздин ата бабалар реп эмес обычно комуздун коштоосу менен ырды созолонтуп ырдаган.
+1
pyeon hwa
2015-03-06 03:24:27
рэпти тушунгондорго жагат!
0
jeki_1011
2015-04-25 14:45:43
бул кайсы кинодон ашлынган
0
Ilays
2015-05-15 14:56:53
Мирбек таланттуу, бирок бул ырынар жакпады.
+1
zeN96
2015-07-18 23:52:55
мыкты
0
slim312
2016-06-01 20:38:55
Бул кайсы кино, айтып койгулачы элдер? Биртууганчикте мындай жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан