Түмөнбай Колдошов Мен дүйнөнү апам менен тааныгам

Жүктөлгөн: 25-02-2015
03:21
42.71 Мб
Түмөнбай Колдошов "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды менен күлкүсүнөн тааныгам.
Комментарийлер (36)
Dadasdasd
2015-02-27 08:21:41
Эн соонун 5.
0
deva
2015-02-27 17:59:06
Мен апамды жоолуганан тааныгам, Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү... Жылуу болчу, жумшак болчу колдору, Кармашканда бала боюм балкыган Кандай гана саптар. Фатима Абдалова эжекемдин тексттери сонун да өзү!
+1
maks94.kb
2015-02-28 13:46:23
Кандай соонун идея клип супер ырга соз жок
0
AZIK01
2015-02-28 18:40:54
Сөздөрү аябай таасирдүү...
0
snikers.777
2015-03-01 02:33:53
Супер клип болуптур..+555
0
suiun77
2015-03-01 20:52:54
Эң сонун ыр
0
Bolya8892
2015-03-02 00:15:01
Кандай гана таасирдуу создор.козумо жаш толду угуп.Апаларыбыз бар болушсун.
0
Nazmirjaz
2015-03-02 10:54:27
Мен апамдын жытын сагындым озун, созун сагындым... Аттин арман дуйно. Жан дуйном эншерилип кетти...
0
nazi66
2015-03-19 21:16:13
Ушул ыр аябай жакты. Жаштарга да, карыга да ылайыктуу ыр болуптур. Ийгилик,ийгилик
0
Kg_boy91.91
2015-04-09 08:04:53
Бул ырдын mp3син кайдан тапса болот
0
damir007
2015-04-09 09:30:56
Kg_boy91.91, ырчынын тизмесинте турат http://www.super.kg/media/audio/128713/
0
Lapushka15
2015-04-12 16:06:08
Аябай жакты ушундай ырлар коп чыкса маанилуу жакшы болмок
0
Gulsara_1986
2015-04-20 16:20:29
Менин досум менен аяш уулум клиптин актерлук жагын катыра ойноптур да.
0
jeki_1011
2015-04-25 14:35:31
эн жакшы ыр да клип да
0
jeki_1011
2015-04-25 14:36:13
Көк-Таштын тоолору го чиркин
0
joker007
2015-05-10 12:17:46
Озун эле ырдын майын чыгара ырдапсын,чем Самарага караганда молодец клипке соз жок Надирага да ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан