Гүлнур Сатылганова Апакем

Жүктөлгөн: 23-10-2008
04:16
64.46 Мб
Гүлнур Сатылганова "Апакем"
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Эркин Мээрканов
Эрке жел сыласа жүзүңдү,
Эреркеп түтпөй кетем мен.
Аластап кырсыктан изимди,
Апакем сүйчү эле чекемден.
Көл болуп сурданат көз жашым катат,
Күйгүзүп сапарын күн дагы батат эй.
Арманым жүрөктө арылбай жатат,
Жанымда сен жоксуң апаке.

Жашоодо апакем тоо болду,
Калкалап мени жамгырдан.
Жашыймын тоолорду көргөндө,
Апакем тургандай алдымда.
Мейиздей төгүлүп мезгилим шашат,
Баш ийбей акылга балалык качат эй.
Кемитпей ордуңду келемин жашап,
Сезимде сен барсың апаке.

Кайырма:

Апакем көңүлдө өчпөгөн улук жан,
А бирок өмүрдө жоготуу бат экен.
Көшөрүп сураймын көктөгү булуттан,
Көрдүңбү каякта асылым апакем.

Кемитпей ордуңду келемин жашап,
Сезимде сен барсың апаке.
Комментарийлер (78)
D.DROGBA
2010-08-06 08:42:45
Гулнур эженин ырлары мага айябай жагат.Кыргыздын Алтын үнү.:)
0
Nunu
2010-08-10 11:27:02
ХАНЗАДА эс алчы макулбу. Сен Гулнур эжедей болуп аткаруучу боло аласынбы биринчиден. Экинчиден Гулнур эжени мактаганга ылайыктуу. Учунчудон бул ырдын маанисине жетпейсин сен....
0
kaku
2010-10-02 12:22:14
Гулнур эже ырларынын созуно аябай маани берет. Туш келген эле ырларды ырдай бербегени ж-а ырды ушунчалык журоко жеткире ырдаганы жагат. Ийгилик сизге. Сиздин ырларынызды чарчабай,суйуп угабыз!
0
Bargy
2010-10-14 20:21:36
ооо жакшы ыр экен унуда деги эле апаларга ким жетсин
0
Sadaga
2010-12-14 16:34:05
bar bolunguz Gul'nur eje,yrdyn sozy abdan tereng,baklaim sizdi,taazmim menen men...apamdy sagyndym abdan...eh ...
0
Romantic
2010-12-22 00:59:31
Sadaga aitkanyna kowulam,Apalar mandaiybyzda aman esen bar boluwsun,a biz alardyn yraazy4ylygyn tabaly!!!
0
supeeri
2011-02-03 11:22:10
Энелерге канча мактоолор айтылса да аз!
+1
alikbek
2011-02-05 21:08:03
А что с вашими клипами? скачал и нечего не показывает. не один проигрыватель не играет
-1
rabya
2011-09-09 15:37:18
Ушул ырды укканда журогум ооруйт, кээде ыйлайм. Аябай жакшы журокту ооруткан ыр. Энесин жоготкон адамдар мени тушунсо керек!Гулнурду уккандан эч качан тажабайм. Кээде конулго жараша женил ырларды угуп коесун, бирок накта ыр деген аты бар ырлар ушул эженин унунон жаралат.
+1
call3
2011-10-26 09:38:35
Эн сонун ып экен, +1000000000000000000000000000000000000000000000000000000000000
+1
Take84
2011-11-01 17:12:25
Гулнур Эже Сизге Данк! мен сиздин ырларынызды сүйүп угам!
+1
emira
2011-12-20 12:38:30
эн сонун апамды сагындым
+1
riaz
2012-04-15 00:02:04
апа апа апа кандай гана улук жагымдуу соз садагам апам ардайым биздин бактыбызга бар болунуз
+1
malyshkakg
2013-01-13 00:40:42
А где audio?
0
admin_media
2013-01-14 09:51:36
Koreanka
2013-03-17 10:14:57
апа мен сизди жакшы кором. сизди аябай сагындым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан