Гүлнур Сатылганова Сени эстеп

Жүктөлгөн: 23-10-2008
04:35
69.32 Мб
Гүлнур Сатылганова "Сени эстеп"
Сөзү : Биримкул Алыбаевдыки
Обону : Райхан Бейшеналиеваныкы
Бараткан ак жолумдан түн ыраактап,
Актым мен сен тарапка күнчубактап.
Алдымдан чыга калсаң сунайын деп,
Актым мен сен тарапка гүл кучактап.

Кайырма:

Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.

Алмаздай курчуй бердим, бүлөнбөдүм,
Тамчыдай тама бердим, түгөнбөдүм.
Элесиң жылдыздардай жылт-жулт этип,
Мен дагы жылдыздардай түмөндөдүм.

Кайырма:

Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым,
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым.
Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да,
Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.

Таң атты. Тереземди кенен ачтым,
Жел менен үйгө кирди бир тал бактым.
Нур чайып жаздыгымдын бир жак четин,
А мен дале ойгоо жаттым, ойгоо жаттым...
Комментарийлер (14)
Шаиста Шатманова
2008-10-25 10:02:52
Жакшы клип экен. Эркинди музыкант кылып кошуп койгону да жакты.
0
Шаиста Шатманова
2008-10-25 11:42:36
Гул которуп келген адамдын жузун аябай коргун келет экен.
0
Djan
2008-10-30 15:11:51
Гулнур эженин уну эн сонун!!! Жакшы ыр, клип дагы кызыктуу экен!!!
Shasi айткандай гул которуп келген адамды коргун келет экен.
0
Azura
2008-10-30 18:54:57
жаккан жок
+1
kuttum seni
2008-10-31 10:26:44
Жакшы ыр клиби анча эмес Озун ЗВЕЗДА элестетип алганы жаккан жок
0
svetka
2008-11-05 13:42:13
Гул которуп келген адамдын жузун силер деле керюп калгансынар ал кишини телевизордон деле керсетюп калат!!!
0
Пери
2008-11-21 12:21:59
Клип не понравился!
+1
edi
2008-12-11 10:45:03
Жакты
0
dogdurbeka
2009-02-17 12:28:08
kokyu ejebizdin koty korynyp kaliptir go,uyat ele slishkom ele ketip baratabiz kirgizdar
0
Candy
2010-03-04 16:24:04
Элдин баары супермаркетке барганда фотоапарат, виодеокамераларын алып жїрєт экен да...
0
Nike
2010-07-29 17:35:41
жакшы эыр жана клип, бирок Гулнурдун жашы мини кийгенден отту да
0
Арина
2010-07-29 17:43:52
Жакшы эле, бирок фрейзи эмес, роза көтөрүп келиш керек Гүлнурга!
0
Marselxx
2010-12-06 14:14:43
Гулнур, ты супер я тебя люблю!!!!
0
Marselxx
2010-12-06 14:15:29
Хочу жену себе такую же!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан