Самара Каримова Эстелик

Жүктөлгөн: 23-04-2015
04:33
56.75 Мб
Самара Каримова "Эстелик"
Сөзү : А.Жакыповдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку
Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
Уулуңар, жоокер эл үчүн

Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.

Жан берип кандуу кармаштан,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Түбөлүк отту жагышкан.

Кайырма:

Тосушуп таңды атарда,
Узатып күндү батарда.
Түбөлүк тирүү турушат,
Уулуңар биздин катарда.

Кайырма:
Комментарийлер (61)
SULUU-KYZ
2015-04-27 17:14:59
sonun.Bashkalarga salyshtyrmaluu katuu ishtep jatat
0
realbek89
2015-04-28 19:30:43
Азаматсыз,клипке +5.Журоко жете турган кылып аткарыптыр
0
ascasheri
2015-04-29 15:16:24
деги кандай болсода Согуш болбосун дуйнода негизи ыр оперный ырда Керим Тураповко окшогон уну бийик чыкан ырчыга жарашчудай. Журогунду зырпылдатып турат уканда
+1
altynbek_canto
2015-04-29 15:37:33
Андай чыныгы ырчыларды жандуу музыка жандуу ун менен ырдагандарды бир гана Опера Балеттен корсонор болот.
+1
alnaz
2015-05-01 16:40:10
Даа, военная форма абдан жарашат экен бул кызга. Ушундай формада кинолорго катышса болгудай бул сулуу.А ырын,унун айта албайм,унун дагы жакшыраак ондоп койсо болот.Ийгилик каалайм!
+1
Bors
2015-05-02 01:12:37
Бул ырчы да согушка катышканбы согуш талаасыда журотко ырдап.
+1
kuba.kq8705
2015-05-03 09:39:54
кыргыздын эн сулуу жана эн мыкты ырчы айымы
0
amanatym
2015-05-04 09:59:04
уну жетпейт!Чыйылдап ырдап калат экен.Бул ырга башкача ун керек го
-2
joker007
2015-05-11 22:30:26
amanatym, ооба мен да ошону айтайын дегем бул ырды обончу озу жана Алик балбаков жаешы ырдаган,а клип болсо Сталинград киносун коргондой эле болосун,эч кандай изденуу жок адатынча эле эптемей клип.
+2
goodman02
2015-05-04 18:59:09
MP3 вариантын жуктоп койгулачы супер инфо
0
admin_media
2015-05-05 11:04:37
goodman02, саламатсызбы! Аудиосу бар http://www.super.kg/media/audio/106297/
0
Maks_shop
2015-05-05 05:37:56
Клип не араванда тартылганбы?
0
Bogotik
2015-05-10 16:44:36
e Bul yrdy Habibilla Aziretkulov yrdagan juroguno jetkize yrdait yrlaryn juktop koisonizdar bolmok
+2
admin_media
2015-05-12 13:31:57
Bogotik, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
zema221190
2015-05-25 12:34:22
Голос ужас,биз бул ырды мектепте ырдаганда башкача кайгылуу бир сезим келет эле,мезирейип туруп ырдын коркун бузуптур,ырдабай эле койбоптур.
+1
Maratturat78
2015-05-30 19:57:23
Пилотканы андай кийбейт
+1
Ashka
2015-06-09 11:58:08
Эң сонун
0
Ayperi94
2015-07-15 17:50:15
Эн сонун аткаруу уну укмуш ,жагымдуу .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан