Урмат Усенов Махабат кайырчысы

Жүктөлгөн: 23-10-2008
04:37
69.61 Мб
Урмат Усенов "Махабат кайырчысы"
Татыктуу тамга тандайм өзүңө,
Тартылам кара-кара көзүңө.
Кат сунган сайым неге калтырайм,
Бир тиктеп жок дей салчу сезиле.
Теңебейм теңдеши жок ай-күнгө,
Арбылган айдындагы ал гүлгө.
Күн батар, ай булутка жашынаар,
Гүл бүтөөр күз келгенде ийиле.

Кайырма:
Кайталап баткым келбейт арманга,
Кайрымсыз кылыңан айлага.
Мен эми махабатта кайырчы
Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.

Жамалың жасап алган жандайсың,
Жарыктык жалган беле кандайсың.
Кайталап жутсам дагы көркүңөн,
Каниет кыла албаймын, канбаймын.
Эриниң элпилдеген эркеси,
Эсиме эрким кайрып бербестир.
Сурабай сулуу сени түбөлүк,
Сүйгөнүм мага күнөө эместир.

Кайырма:
Кайталап баткым келбейт арманга,
Кайрымсыз кылыңан айлага.
Мен эми махабатта кайырчы
Кармалган кай күнөөмө жипсиз байланам.
Комментарийлер (109)
janarbek
2009-02-25 15:43:11
Жакшы ырды жакшы деп айтыш керек жон эле ар нерсени айтпай. Урмат ырындын омуру узун болсун..
0
janulia
2009-02-26 18:10:15
Ыр соонун,Клип сапаттуу,бирок бинттин ичинен сакал осуп кеткени кызык екен
0
Kukla
2009-02-28 15:15:30
Maga ideyasy abdan jakshy..kim senarist bso da mykty eken. 5 koydum
0
ABU
2009-03-01 14:39:24
Жакшы ыр экен!
Негизи эле Урмат ишин майын чыгара жазайт.
0
aika_87_2007
2009-03-02 14:20:48
урмат молодец эки кызды бирдей алдап журуп (неля менен бактыгул )анан ыймандуусун тандап алдын молочик!!!!!!!!!!!!
0
Аселькин
2009-03-05 12:30:25
Урмат Мырзанын ырлары башкалардыкына караганда оригинальный. Бул ыр да супер ырлардын тизмесин толуктады деп ойлойм.
Оркунунуз осо берсин, ийгилик сизге!!!
0
Кука
2009-03-12 09:47:34
Клип да,ыры дагы эн мыкты.Сизге ийгилик.
0
Mile
2009-04-07 10:16:16
Класс
0
Барби
2009-04-14 12:48:30
соз жок
0
truthpath
2009-04-24 09:28:02
Сакал осо берет да.Сакалды бинт токтото алабы? Кичине логикага тууралап комент жазгыла.
0
banks
2009-04-26 23:42:09
very good
0
rubina
2010-09-17 01:03:55
Клиптин мазмуну мага аябай жакты,Урмат мыкты аткарыптыр,ыры дагы сонун!!!Барына +5.Оригиналдуу,а то акыркы кездерде бири-бирине окшогон клиптер кобоюп кетти.
0
Romantic
2010-12-22 01:02:23
jakty maga ,jakwy eken!
0
adrenalin
2012-02-23 23:32:41
yrlary en jakshy
0
econom313
2012-10-11 10:48:25
мага жакты!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан