Самара Каримова Бакытка тунуп турам

Жүктөлгөн: 30-06-2015
03:58
54.86 Мб
Самара Каримова "Бакытка тунуп турам"
Бакытты эмне десем, баланын өзү тура.
Жанымды элжиреткен, жагымдуу сөзү тура.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.

Өзүңө жаным балам көңүлүм буруп турам,
Жанымда сен бар үчүн, жазылып күлүп турам.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.

Сен менин алтынымсың
Барсбегим, таалайымсың,
Айланып кетейиним
Сен менин бакытымсың
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Комментарийлер (21)
deva
2015-07-01 09:31:35
Бойдок кезде эмне максат менен жашап жатканымды көп аңдай берчү эмес элем. Балалуу болгондон кийин түшүндүм жашоонун эң негизгиси маңызын. Жашагым келет, жашагым... деп калат экенсиң.
+1
aikol87
2015-07-01 11:14:29
Журокту элжиреткен клип.Бактылуу уй булоо.Баласы Самаранын озуго.Бардык аял затына бактылуулук каалайм.
+2
jalgyzdyk
2015-07-01 11:38:34
жаааааныбызыды элжиреткеееен озун дагы бир ыр жазчыыыыы кагылайыыыыыыын. качанга чейин ар кимдин ырын ырдай бересиииииииин.
+2
aikol87
2015-07-01 13:08:55
jalgyzdyk. туураааа айтасыыыын.)))
+1
deva
2015-07-01 15:08:36
Бирөөнүн ыры болсо да жеткиликтүү ырдаптыр. Буга чейин бул ырды укпаптырмын, балким уксам да маани берген эместирмин
0
mirana9395
2015-07-01 15:24:58
Балдарыныздын урматын,кызыныздын кызматын корунуздор
+2
Eliza0202
2015-07-01 20:05:12
Самара алга!!!!
+1
princ
2015-07-02 00:39:17
Samara rahmat yrlarynyn baaryn ugam
+1
aimoon
2015-07-03 06:43:22
Mash ALLAH koz tiibesin
0
aidai88
2015-07-03 13:17:17
Кудайым озу суук коздордон сактасын... Журогум элжиреп,суктанып кеттим.
+2
arash96
2015-07-03 15:58:31
Мен да балалуу болгум келет.
0
admin_media
2015-07-03 17:04:08
tavsan,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылып, шилтеме калтырууга тыюу салынат! 3 күн банга!
0
Eliza0202
2015-07-15 20:42:16
Ийгилик Самара
0
Kabylan-kol
2015-07-15 23:22:19
Соз жок эжеке айабай жакшы ырдайт екенсиз
0
AFRODITA-89
2015-07-28 01:04:14
уч баласы тен атасына окшошго клип Жалалабаттагы Токтогул паркында тартылган окшойтго ээ. Жакшы тартылыптыр бутпосо экен деп коро турган клиптерди чыгарып ататго Самара баракелде, Балдарынын омурун берсин Аллахым колдосун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан