Гүлсүн Мамашева Жаштык ыры

Жүктөлгөн: 08-07-2015
02:31
31.85 Мб
Жанр: Ретро
Гүлсүн Мамашева "Жаштык ыры"
Сөзү : Төлөн Шамшиевдики
Обону : Калыйбек Тагаевдики
Тососуң жолумду,
Кармайсың колумду,
Жактыра бербеймин,
Жайдарым мунуңду.
Алмалуу бак менен,
Аралап келем мен.
Аптыгып чыгасың,
Алдымдан дагы сен.
Жайдарым,
Ардагым,
Күйүгөсүң, алды жактан жолугуп,
Сөз айтасың, теңтуш курбу бололук.

Бир жигит жылмаят,
Уялам жер карап.
Көнүшүп басканда,
Көчөнү шаң кылат.
Эки жаш чоң кубат,
Курбулар чогулат.
Жүрөктөр кубанат,
Шаттык ыр уланат.
Жаштык ыр,
Шаттык ыр,
Көңүлдү кандай сонун жыргатат,
Топ жаштар жыргал менен баратат.
Комментарийлер (5)
Kiza
2015-07-11 00:43:06
Аябай сыйлам!!! Жакшы кором Гулсун эжекени!!! Менин идеалым, кыргызымдын сулуугунун, кыргызымдын ырчы айымдарынын идеалы!!!
+1
joker007
2015-07-14 02:02:54
Куник эле болгон экен жаш кезинде азыр сулуу го эмнеге?
+1
Snejana
2018-07-27 21:30:41
joker007, азыркыдай макияж, монтаж деген жок болчу экен.
0
chyngyz84
2015-08-01 15:27:10
Кыргызымдын сулуу ырчы эжекебиз, бар болуңуз дайыма.
0
DUNI
2016-04-28 16:34:26
Боенбой,даже сойко да такпаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан