Самара Каримова Оо, Жараткан, сактай көр!

Жүктөлгөн: 27-07-2015
04:15
53.28 Мб
Жанр: Поп
Самара Каримова "Оо, Жараткан, сактай көр!"
Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой,
Оо, Жараткан суранычым угуп кой.
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр!

Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой,
Оо, Жараткан жалынычым угуп кой.
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!

Жаратканым өтүнүчүм угуп кой,
Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой.
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды сактай көр!
Ата-энемди, бир тууганды сактай көр!
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!
Комментарийлер (56)
g.jumabekova
2015-07-30 19:32:14
Сонун. Супер. Жакты.
0
mersedes2013
2015-07-30 20:51:35
Самара эгоистка турбайсынбы,озунду эле тилей бербей Эл журтумдун,Ата Журттун ,Кыргыз элинин тынчтыгын ,амандыгын деле тилеп койсон болмок.
+1
mersedes2013
2015-07-30 20:54:04
Ырды угуп отуруп качан элин жерин айтат деп кутуп отурсам,бул ырын чындыгын эл угат го,дми пускай уйбулосуно ырдап берсин
+1
joker007
2015-07-31 01:33:59
Уйундо ушинтип дасторкон жайып чай ичип буткондон кийин дуба кылып кое турган ыр экен.Безпонтовый ырларды эле ырдай берет экен да уккум келбей калды акыркы кундору.Уйундо эле отурчу дуба кылып сураныч чалынды балдарынды карап.
0
sher.ella
2015-07-31 11:04:13
Абдан сонун болуптур
+1
nazya5
2015-07-31 14:26:06
Клип жакшы тартылыптыр, бирок ырдын обону такыр уккулуктуу эмес экен, эптеген эле ыр болуп калыптыр. Иши кылып ырдын, клиптин санын кобойтуштун амалы экен да
0
aku
2015-07-31 17:10:02
Админ.гулнур сатылганова менен урушу эмне менен аяктады? Ошодон кийин такыр ырларын уккум келбей калды
0
AFRODITA-89
2015-09-08 15:42:07
ушул ырдын тексти керек болуп атат кайдан табам жардам бере аласыздарбы! Рахмат!
0
vaselisa
2015-09-26 21:08:08
Анжеликанын "Бактылуумун" аттуу ырындагы клибинин копиясыго...... Туурабай кичине башты деле иштетиш керекта......
+1
dastan_nookat
2015-10-18 08:16:18
Уй-булонуздорго ийгилик каалайм!
0
amanatym
2015-11-12 12:11:55
клип эмес жон эле семейное видео.
0
gulbar_85
2015-12-17 20:20:49
клип десе эле уй булосун тарта берет экен да актерлор менен иштесен болбойбу же чыгашадан качасынбы куйоосу да тажабайт экен
0
Aziza.Kas
2015-12-24 03:02:54
Ырдын мааниси, клиптин ырга айкалышып тартылышы жакты. Азамат. Мага уну абдан жагат.
0
mahabat08.07
2016-01-27 22:10:07
Oo jaratkan saktai koor dep yrdagany tuura emes.
Kantip yrdady Alla Taalamga bolgonun tilegin.
0
Nurzatka94
2016-09-03 02:26:14
Ой тообо Алатоомду дертирго ошол элим дегени да, ар биринди айтып отурса кандай ыр болсун, Негизгилерин айтты да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан