Анапия Райымбекова, Дилбар Райымбекова, Лира Райымбекова Мен - кыргызмын!

Жүктөлгөн: 29-07-2015
03:51
48.27 Мб
Анапия Райымбекова , Дилбар Райымбекова , Лира Райымбекова "Мен - кыргызмын!"
Мен - кыргызмын, кылыч мизде ойногон,
Кылымдардын улуу жээгин бойлогон.
Өмүр өчүп, кайра тирилик башталат,
Өттү далай кыйын кезең ондогон,
Мен - кыргызмын!

Кайырма:
Комузун чертип сайраткан,
Жоргосун токуп камдаткан.
Кыздары да кымыз сунушуп,
Бешбармагын, даамын жайнаткан,
Ээ, эй, мен - кыргызмын!

Мен - кыргызмын, барган тоосу калбаган,
Азаттык деп азап туусун кармаган.
Кыз Сайкалдар кыргын жолун торосо,
Айчүрөктөр күлазыгын камдаган,
Мен - кыргызмын!

Беттеген оюн бербеген,
Береке да, куту эл менен.
Кыздары да назик, чырайлуу,
Пейили да кенен көл белең,
Ээ, эй, мен - кыргызмын!

Мен - кыргызмын, тулпар минип ойногон,
Мекен сүйүп, мекен камын ойлогон.
Кереметтүү, кең пейилдүү элимдин,
Келечегин ойлоп күндө толгоном.
Мен - кыргызмын!

Бапырап түрлүү мал болсун,
Байлыгың ашып, бар болсуң.
Кыйырың өссүн, кыргызым, ай,
Кудайым сага жар болсун,
Ээ, эй, мен - кыргызмын!

Мен - кыргызмын, дүйнө эли тааныган,
Медер туткан мекеним бар таанымал.
Кан Манастын урпактары бар болсун,
Кагылайын калың кыргыз калкыман,
Мен - кыргызмын!
Кайырма:
Комментарийлер (5)
kindly_girl91
2015-07-29 23:46:16
ийгилик баарыныздарга
0
Zom
2015-07-31 01:18:20
Соонун ыр экен соз жок
0
jentlmen.98
2015-08-04 19:28:19
yr sonun klipke soz jok
0
erikkarakulja
2015-08-14 18:38:59
Гимн болотурган ыр экен
0
Gulsarat
2016-02-17 22:26:01
Кандай сонун ыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан