Түмөнбай Колдошов Тоолор, мени кучактагыла

Жүктөлгөн: 05-08-2015
03:16
50.79 Мб
Түмөнбай Колдошов "Тоолор, мени кучактагыла"
Сөзү : Б.Чотурованыкы
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Кеткем жолдун узак жагына,
Келдим... Көпкө узатпагыла...
Жыгытканы турат бир ыза,
Тоолор, мени кучактагыла!

Карегиме конгон элеси,
Караан турат, мага ким өзү?
Тозуп кеттим көңүл чөккөндөн,
Тоолор, мени жөлөгүлөчү!

Жакшым деген бирөө эмине,
Жабыркатты жалган кебине.
Силер гана өзгөрбөйсүңөр,
Тоолор, мени сүйөм дегиле!

Торгой болуп сайрап сагына,
Кайыл болуп келдим баарына.
Төрүңөргө чыктым бой таштап,
Тоолор, мени кучактагыла!
Комментарийлер (15)
karona
2015-08-05 17:49:12
Уну сонун да! Тоолуу олкому сагынып алыста жургондо...клип дагы таасирин тийгизди. Эх, Кыгызстаным, кооздугуна береке!
+2
kenzhebekkkk
2015-08-05 21:18:08
Эн сонун ыр, соонун клип, кереметтуу Кыргызымдын тоолору.
+2
12.12.12
2015-08-06 13:15:46
Эн сонун чыгарма. Мен жургон адырлуу тоолор эске тушту. Улам-улам ырдап отурам.
0
upol92
2015-08-06 13:25:29
Сооонун ыр да клипта
0
jasi
2015-08-06 13:30:04
Кыргыз жери эң соонун эч жерге алмаштырбайм Кыргызстанымды.
+1
sagynbek89
2015-08-06 13:56:15
Эн соонун ырда, клипда
+1
anara-anara
2015-08-06 14:36:46
Уну зынк. Ырда клипда соонунда. Талантына таазим жаны чыгармаларды кутобуз.
0
aidai88
2015-08-07 12:04:23
Соз жок)))
0
Rusbubu
2015-08-11 10:51:31
Ыр аябай соонун, клипке дал келген. Биз сиз менен сыймыктанабыз. Чыгармачылык ийгилик.
0
ere
2015-08-14 16:21:52
клипте Кыргыз жеринин кооздугу баса белгилениптир азаматсын
0
Nur0701
2015-08-17 01:21:31
Ыр да клип да соонун болуптур ийгилик ,!
0
uulay
2015-08-24 20:21:54
Баардык жагынан топ келишкен,мыкты клип!!
0
Erniet
2015-08-25 03:57:24
Клипти дрон менен тартканы жакты жана сапаттуу чыгыптыр айрыкча аккан сууну устунон тартканда таштар суу да жакшы чыккан
0
Zarema94
2015-09-12 09:36:45
Мыкты текст, мыкты ун, мыкты обон, мыкты клип-мыкты айкалыш
0
Ikramov
2016-11-10 18:09:22
жакшы бул клип кайсыл жерде тартылганын билбейсиздерби кыргызстанндын кайсыл жери?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан