Айымжан Ак бата

Жүктөлгөн: 19-08-2015
03:16
45.09 Мб
Жанр: Поп
Айымжан "Ак бата"
Сөзү : Жолдошбек Мамажановдуку
Обону : Жолдошбек Мамажановдуку
Айрымдарга жагар, мүмкүн, жакпаса,
А мен үчүн ыйык нерсе ак бата.
Кылымдарды келе жаткан карытып,
Неге болбойт жакшы салтты сактаса?

Карап турсаң ак сакалдуу адамды,
Суу куйганда алкап сенин балаңды.
"Өмүрлүү бол, таалайлуу бол, садага,
Эл уулу бол!" деген сөзү жаманбы?

Же ымыркай көз жарганда жаңыдан,
Ата-энеси бата тилейт баарынан.
Неси жаман, келген элдер деп турса:
"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган".

Бакыт тилеп, таалай тилеп, бак тилеп,
"Эл уулу бол!" деген кандай жакшы кеп!
Бул тилектер - адалдыкка чакыруу,
Тилеп жаткан адамдарга ак тилек.

Бул тилектер - дилдердеги тазалык,
Ошондуктан карылардан бата алып.
Кандай сонун болор эле деп ойлоймун,
Кала билсек элдин уулу, кыргыз уулу аталып!
Комментарийлер (36)
AFRODITA-89
2015-08-21 14:31:51
кыгызсчаны без акцент ырдайт экен неге суйлой албайт жакшы ырдаптыр татаал ыр экен анча мынчанын уну, духу жетпей турган, сары койногу жакпады жакшы форма тиктирсе болчудай экен жон эле айланып кочого чыкканча тартыргандай болуп калыптыр.
0
kushtarbek.9595
2015-08-21 18:56:00
Кыргызча билбейт дейсинерби?Ырдаган ырын озу тушунбойбу ошондо?
+1
solnishka
2015-08-21 19:38:01
Ийгилик
+1
asas1212
2015-08-23 11:23:40
сооонун тартылыптыр клип .ырды коркуно чыгара ырдаптыр
+2
sale-81
2015-08-24 11:19:38
ссупер, Айым эл козундо болгондон кийин стилинди ондосон анданда супер болот
0
uli95
2015-09-07 09:20:35
Сонун ыр болуптур...
+1
R.Akylbekov
2015-09-16 18:17:22
унуно баллии сени суйомго голосун
+1
Ruslan-83s
2015-11-29 20:03:46
мыкты абдан онорун оркундосун. клипта ыр да сонун болуптур
0
Ruslan-83s
2015-11-29 20:04:29
мы за тебя болеем
+1
tolik
2015-12-09 19:13:09
Уну керемет! Эн жакшы ырдаган,бирок ушуну озу тушунуп ырдаганда мындан дагы мыкты болмок экен
+1
jumai7984
2015-12-25 15:11:50
Эн жакшы. Унун абдан жагымдуу. Чыгармачылыгына ийгилик.
+3
sardarbek91
2016-04-12 15:23:41
Просто супер.
0
marty77
2016-04-13 10:17:46
Бул кыздын уну жакшы ырдаганы жакшы бирок клипке деле конул буруп койсо болмок. Клип деле ырга корк кошо турган озунчо бир тасма да.
0
deva
2016-04-13 11:43:21
Анча жакпады. Ырдын баштапкы версиясын бузуп салган. Мурункусун уккум келе берет негедир
0
kenjazmed
2016-09-21 12:21:44
Неси жаман, келген элдер деп турса:
"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган". дегенге такыр тушунгон жокмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан