Токто өмүр, токто, кайда шашасың,
Топук кылчы, бул жолду да басасың.
Жүгөнүңдү тартып турчу азыраак,
Жок дегенде апам узак жашасын.
Өмүр өзүң тосмосу жок кашаасың,
Өргө карай канча белди ашасың.
Жип-аркандап тушап турчу туягың,
Жок дегенде атам узак жашасын.
Ээктен ылдый кулап түшкөн жаш таза,
Эх, балалык, өттүң менден таптаза.
Мейман болуп өтөрүмө өкүнбөйм,
Менин ырым менден узак жашаса.
Комментарийлер (12)
Batma.Sh
2015-08-27 19:18:02
Азамат!Өзүң да,ата-энеңда,ырларың да узак жашасын!
0
Mongol1155
2015-08-27 20:42:28
Ата-Энелер узак жашасын!
0
kindly_girl91
2015-08-27 21:36:50
соонун чыгарма
0
deva
2015-08-28 09:16:59
Жан дүйнөнү туйлаткан сонун чыгарма болуптур. Клип да аябай жакты. Ийгилик!
0
mirana9395
2015-08-28 12:48:23
Аябай жакшы азаматсыз ийгилик сизге,ата энелерибир узак омур суруп жашашсын ИншаАллах
0
missO
2015-08-28 16:35:27
Менин да ата-энем деги эле бардык ата-энелер узак жашасын. Анан клипмейкерлерге айтарым, жанагы самолет менен тарткан кадрынар уже кишини тажата баштады. Бир нерсе таап алышса бары ошого жабышат да калат.
-2
aikol87
2015-08-28 17:48:09
Маныздуу ыр болуптур.
0
aikol87
2015-08-28 17:50:15
Эх ата энелер узак жашасын.
0
nurik-95
2015-09-09 00:30:30
Ырда клипта аябаи сонун
0
finalyear2014
2015-11-04 05:51:23
Клипте озунун ата-энеси
+1
musabek
2015-11-12 18:55:20
Ата-энелерибиз аман болсун!
0
Antoshka2016
2016-11-17 10:07:11
Ыр аябай мазмундуу
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.