Бегимай Бекбоева Сүйөм сени

Жүктөлгөн: 28-08-2015
03:44
37.92 Мб
Бегимай Бекбоева "Сүйөм сени"
Келчи, жаным, жаныма келчи,
Сүйүү жөнүндө ыр ырдап берчи,
Жүрсөм деймин дайым жаныңда.
Жүрөгүмдөсүң жалгыз сен өзүң,
Кандай сонун сенин мүнөзүң,
Сен деп ырдайм бүт ырларымда.

Кайырма:
Асманда жанган жылдызым,
Кусалыкка салбагын мени.
Жанымда жанган жылдызым,
Ырларымда ырдаймын сени.

Сенде жатат менин сырларым,
Арзуум айткан обон-ырларым,
Айлуу түндү алмаштым таңга.
Бакытым да, байлыгым сенсиң,
Бал жашоомдун бардыгы сенсиң,
Назиктигиң жагымдуу жанга.

Кайырма:
Комментарийлер (42)
AFRODITA-89
2015-08-30 23:46:15
кеткен каражат просто жалкода андан коро киного тартылса болмок, макияж вобще нито ар жерде ар турдуу ХХХХ
0
admin_media
2015-08-31 07:48:43
AFRODITA-89, мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
Jaz3
2015-08-31 00:31:55
бактыгул бадыевага окшошкусу келгендей а ыр озбек кино
догу ыр го
0
Asema11
2015-08-31 07:52:55
Ий татына десе ар бир кыймылы озуно жарашып турат 50го чыкса деле калагандай кийинет кетсе Бегимайдын акчасы кетет мынча коро албайсынар каранын сулуусуда Бегимай.
+5
deva
2015-08-31 09:22:09
Макияжы өтө начар болуп калыптыр...
0
janylka
2015-08-31 09:24:08
Клиптин ар бир кыймылы плагиат. Изденсе болбойбу. Макияж такыр жарашпаган, бозоргон помада койгон азыр эмне мода болуп кеткенби? Эринден кайра бышкан алмадай болуп туруш керек да. Кыскасы бул абжем дагы көп иштеши керек.
0
Aijash90
2015-08-31 20:49:52
Макияж....стилди озгортуш керек имджди...
0
lady.girl7997
2015-08-31 21:57:52
мага жакпады
0
Zai0888
2015-09-01 09:47:14
соз жок мыкты, бирок дагы да изденуу каалайм.
0
aitmambet
2015-09-02 14:42:52
Клипке 4- баа, кыздын вокалдык талантына 5+ берет елем.
0
akylai_adeeva
2015-09-03 01:14:32
Баланын бетин мынча тональный крем менен шывашкан, чындап айтканда кыз озуно тартпайт, жакшынакай эле кыз, бирок жылдызы жок, орусча айтканда отталкивающая.
0
Bishkek
2015-09-11 03:08:39
Мага лична жакты азамат
0
kyma9183
2015-09-14 01:01:15
Клиптин сценирийи Севинч деген узбечканын ырындагы сценарий жалкоолук кылышкан го.... ыры жакшы
+1
crew89
2017-04-12 14:58:59
kyma9183,kaysil iri?
0
medina.
2015-09-16 00:32:32
yry sonun yrdasa bolot
0
MirbekTalas
2015-10-12 15:51:50
Сонун болуптур, Бегимай азаматсын. Жакшы иштеп жатасын,канча жылдан бери сахнада журосун,ушул калыбындан жазба.Бегимайдын атасы менен апасы да сонун куудулдар эле сахнадан корунбой кетти. Бегимай таланттуу кыз. Супер инфо силерден сураныч Бегимай менен маек кылыныздарчы эмне менен алек кайда журот мен учун кызык,медиа порталды жума сайын карай берип таждап кеттим эч эле маек кылбай койдунар го.
0
macho-m90
2016-03-10 19:04:13
бул кыз мурун эле кара кыз беле же кийин карарып кеткенби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан