Акмарал Жоробаева Ата Журт

Жүктөлгөн: 31-08-2015
04:27
45.28 Мб
Акмарал Жоробаева "Ата Журт"
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : Ш.Өтөбаевдики
Жылуу кийин, жолуң кыйын, үшүүрсүң,
Кыш да катуу, бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жаз да башка, жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман, кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп.
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жаз да башка, жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Комментарийлер (17)
eka98
2015-08-31 22:09:25
админ сураныч Асель Касымакунованын жаны клибин жуктоп коесуздарбы
-3
Мэри
2015-09-01 10:18:04
Жакшы экен, жакты...
0
Davlethan
2015-09-01 11:12:01
Суперррр +5
0
Davlethan
2015-09-01 11:55:51
Красавица...ийгиликтер коштосун
0
aldarkosoo
2015-09-02 03:21:16
сайттын андроид версиясын чыгаргылачы, сураныч

+1
admin_media
2015-09-02 09:34:39
aldarkosoo, саламатсызбы!
Бир эле билдирүүнү кайталап жаза бербеңиз. Сунушуңузга рахмат.
0
aldarkosoo
2015-09-02 19:02:14
admin_media,жакын арада кутсок болобу?
0
akylzirek
2015-09-02 17:40:50
Кызда табийгый үн бар экен.Негизи бул абдан татаал ыр, анча-мынча киши ырдай албайт.Авторунан кийин эле ушул кыздын ырдаганын жактырдым.Менимче, Акмарал Жоробаева Оштогу ырчы кыздар дын эң кыйыны болсо керек.Кыргызстандын эң кооз жерлерин тарткан. Клипти көрүп жатып кыргыз экениңе сыймыктанасың.Бар болсун ырчы кыз!
0
joker007
2015-09-02 19:20:46
Айтканына кошулам бирок андан кыйындары толтура...)))))
0
aikol87
2015-09-02 23:33:07
Рахмат Акмарал Жоробаева.сонун ырда.ушул ырды издеп журдум эле.
0
BubleGum
2015-09-03 19:09:04
Акмарал эже барган сайын баралына келип, толуп ташып жаткандай ))) Сизге чыгармачылык ийгилик!!!
0
Davlethan
2015-09-03 21:23:52
Акмаралга ийгилик булбулдай болгон унун эч очпосун...админ сиздерден сураныч Акмаралдын очурубой жатам тундо чырагымды аттуу жаны клибин киргизип койунуздарчы сураныч.
0
sardar1
2015-09-13 14:50:06
Ушул кыз деле жакпайт мага. Уну деле ону деле анча эмес
0
ivanov
2015-09-14 11:18:27
ХХХ ХХХ ХХХ Акмармал Жоробаева Ошто алдына тулпар ашырбаган ырчы кыз.
+1
admin_media
2015-09-14 11:49:25
ivanov, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз! Эскертүү!
0
ivanov
2015-09-14 12:02:52
соннун ырдаган Акмарал сага ийгилик каалайм
0
daniel87
2015-09-16 02:00:06
Чынында Самара Сабирова менен Акмарал Жоробаевага спонсор керектей!ундору абдан кооз уккулуктуу жыргап угасын алдыга кыздар мыктысынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан