Айпери Кулбаева Арзуу ыры

Жүктөлгөн: 02-09-2015
03:32
35.74 Мб
Айпери Кулбаева "Арзуу ыры"
Сөзү : Каныбек Иманалиевдики
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Күздө күтүп жазда келген сезимди,
Күйүт бизге үмүт болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле өксүгөн,
Жалоорутпа жайнап турган көзүңдү.

Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн,
Күз да келди, гүл саргайды биз көргөн.
Сен сырыңды, мен чынымды айткыча,
Өмүр өтүп баратпайбы бир келген.

А мен сени күтөр элем миң жылга,
Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла.
Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө,
Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
Комментарийлер (14)
joker007
2015-09-02 19:14:12
Сонун клип болуптур,суппер... жылдын мыкты клиби десек болот.Боз торгой да бул дагы биринен отуп бири сонун клип болуптур..Быйылкы жылдагы баардык гран прини сен уттун менин оюмча абдан жакшы,чыгармачылык ийгилик..Ал эми Ширинге да чыгармачылык ийгилик каалайм
+1
brunette
2015-09-02 20:26:40
Эх, жакшы клип болуптур
+2
Dashi
2015-09-02 20:45:50
Айпери эже быйыл жакшы иштеди.жылдын мыкты ырчы айымына татыктуу!
+1
brunette
2015-09-02 23:55:17
Актерлор да жеткиликтуу аткарышкан
+1
aikol87
2015-09-02 23:56:14
Боз торгойду коруп ыйласам.муну коруп коруп кулуп алдым.жылдын мыкты ырчы айымы.Жакшы клип болуптур.
+1
Koni1994
2015-09-03 04:01:25
Сонун ийгилик
+1
Guli.K.E.
2015-09-03 08:56:58
Эн соонун! Омурбек (Омко) иним азаматсын!Горжусь тобой...)
+1
Ajar.
2015-09-03 11:14:21
Клиптеги каармандар өз ролдорун сонун аткарышыптыр, айрыкча катчы кыз... А ыр - керемет, тексти да, обону да... Жаңылбасам, сөзү Каныбек Иманалиевге, обону Майрамбек Осмоновго таандык болсо керек эле...
+1
jasi
2015-09-07 16:51:38
маныздуу клип болуптур, +5
0
4aidai
2015-09-13 14:40:43
Клип начар тартылган, дешевый. ХХХ ХХХ ХХХ Сага караганда Самара, Жумагуль, 100эсе жуз эсе жакшы ырдайт. ХХХ ХХХ ХХХ Тушунуксуз клип, арзан.
-3
admin_media
2015-09-14 10:31:15
4aidai, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
+1
kyma9183
2015-09-14 00:46:15
Ыр го сонун эмдегедир клип корк кошбой эле бузуп салыптыр клиби жакпады килтейген аялды жаш баладан умут эттирип
-1
joker007
2015-09-14 18:22:14
Жашоодо мындай корунуштор толтура болот,озунун апасындай аялды деле суйуп калып жатпайбы. Ыр да, клип да супппер коро албагандар айта берет Айпери только вперееееддддд!!!!Жылдын мыкты ырчы айымы сага татыктуу болсун!!!!
+1
hangug
2015-09-22 14:18:33
Айпери м.н болгон маекти качан көрөбүз super.info?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан