Бирге учуп, бирге отуруп жанашып,
Биз тааныштык сын көз менен карашып.
Сапарлашым, сага арнап ыр окуйм,
Самолётто сапар тартып баратып.
Кайырма:
Ар убактта шыдыр болсун жолуңуз,
Аткарылсын ар бир максат оюбуз.
Суранамын чын жүрөктөн бул ырды,
Эстеликке кабыл алып коюңуз.
Адам деген бир жаралат өмүрдө,
Ойноп-күлгүн кайгы-муңга чөмүлбө.
Саламат бол, кайда жүрсөң унутпа,
Самолётто сапарлашың жөнүндө.
Кайырма:
Ыр ырдадым баратканда асманда,
Тең берерсиң термелүүңдү жазганга.
Мен бактылуу болор элем эгерде,
Сен жөнүндө оюм ишке ашканда.
Кайырма:
Комментарийлер (13)
i_am_simple
2015-09-09 13:33:13
клип тарткан студия production деп тууру жазса болмок,
0
Bostery
2015-09-09 18:05:02
Биринчи ырдагандын такыр уну жок экен кичине чоюп ырдаса жакшы болмок
0
Gulya21
2015-09-09 23:40:33
Мага жагат ушул ыр жакшы ырдашкан
0
ailam14
2015-09-10 00:31:15
Ууух сагынындымго Кыргыз жерим менин алтын бешигим,жерлерди видеолордон коргондо жузумду ысык жаштар жууйтко ....
0
ZHaziko
2015-09-11 15:30:02
Клипмейкерлер аткарын балчайтып так ортого жазбай ылдыйкы бурчуна жазса жакшы болмок! мисалы Э Сыдыков сыйлайм бирок ар бир клип дин алдына чыга берип тажатып ийди
0
eliza55555
2015-09-11 16:19:55
акмарал жоробаева ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ тооба кылдым
0
admin_media
2015-09-11 16:21:50
eliza55555, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
Davlethan
2015-09-11 20:15:07
Акмарал жонундо айтылып жаткан ушак кебтерди пиар деп билем булда болсо анын популярдуулука жетишип калганы...эмнеси болсода Акмарал Кудайдын астында ак бироонун акысын жебеген и бироонун мышыгын пыш дебеген кыз.