Өскөн жерим, Өзгөндө мен жүргөндө,
Көңүл өсөт мунараны көргөндө.
Өзгөн элин бүт дүйнөгө тааныткан,
Таланттар бар, залкарлар бар,
Эл деп жүргөн чыгаандар бар,
Баатырлар бар Өзгөндө.
Өзгөн күрүч баардык жерде макталган,
Жаңгактары жагымдуу деп баркталган.
Кара шоро, дары суусу мүрөктүн,
Жибек жолдон бүт дүйнөгө,
Бүт дүйнөгө жибек жолдон, дарылыгы таркаган.
Сууларга бай музыкадай шаркырар,
Кенен жайлоо, жаңгак токой, арчалар.
Көркөмүңө көргөн сайын ыр кошуп
Сыймыктанып мактанамын,
Мактанамын сыймыктанып,
Өзгөн жерим мактанам,
Кыргыз жерим мактанам.
Комментарийлер (3)
kama_future_millioner
2015-10-17 01:00:08
Өзгөнүм менин сүйүктүү шаарым
0
Seketimgo
2015-10-17 17:29:10
Озгонум-алтын бешигим
0
aygerimka
2015-10-19 11:44:47
Озгонумо бир барып келгендей болдум гооо
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.