Алихан Сагынуу

Жүктөлгөн: 23-07-2010
04:40
80.34 Мб
Алихан "Сагынуу"
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Мускай Исмаилбековдуку
Сагындырган гүлүн көздөй бара албай,
Сайда бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшогон бир да жылдыз таба албай.
Санаа менен күн батырып келатам,
Сага окшогон бир да гүлдү таба албай.

Карегимди жашы кылып жамгырды,
Канча күттүм арасынан ай-жылдын.
Какшап жетпей жүргөнүмдү билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.
Какшап жетпей жүргөнүмдү билсең да,
Карааныңды бир көргөнгө зар кылдың.

Адам жоктур бул дүйнөдө сүйбөгөн
Ашыктыктын алоосуна күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?

Ажыратты мерез мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым, кантейин?
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Мен бактылуу боло албадым, кантейин?
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Комментарийлер (1)
D.DROGBA
2010-07-26 18:05:21
Алихан молодец !!! Клип айябай жакшы болуптур.Сага чыгармачылык ийгиликтер каалайм.5+ Продюсерге respekt.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан