Жылдыз Тутуева Сыйлай жүр

Жүктөлгөн: 23-11-2015
03:30
43.96 Мб
Жанр: Ретро
Жылдыз Тутуева "Сыйлай жүр"
Сөзү : Ч.Сатаевдики
Обону : Ч.Сатаевдики
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.

Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө айла жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Кош бол эми сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми сагынба...

Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.

Кайырма:

Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.

Кош терек көрсөң кыйбай жүр,
Кошунам деп сыйлай жүр.
Кокустан узап мен кетсем,
Кошунам деп ырдай жүр.

Кайырма:
Комментарийлер (2)
Kiza
2015-11-23 23:08:17
Ооооо ретро клип! Бул жерде Жылдыз эжебиздин мимикалары Асель Турдалиева эжебизге окшош...аябай! Супер!!!! По больше ретро клипов-пожалуйста!!!!
+1
Abdyrashit.Satylganov
2015-11-30 00:37:11
Эски ырлар сонун да.. Дагы жүктөп койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан