Болот Тасмаев Оо, кыздар

Жүктөлгөн: 02-12-2015
03:16
48.91 Мб
Болот Тасмаев "Оо, кыздар"
Оо, кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан чакырчу болгула.
Алыстап бараткан жаштыктын,
Алдынан бир кайрып койгула.

Оо, кыздар, сумсайыш ордуна,
Ар дайым жайдары болгула.
Бүлбүлдөп бараткан жаштыктын,
Билигин чоңойтуп койгула.

Оо, кыздар кол шилтөө ордуна,
Жакындап сырдашчу болгула.
Мага окшош жигиттин колунан,
Гүл сунса, гүл алып койгула.

Оо, кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан атоочу болгула.
Алыстап бараткан жаштыктын,
Алдынан бир кайрып койгула.
Комментарийлер (7)
Мэри
2015-12-03 00:52:46
Бул ырды бала кезде көп укчумун, бирок ким ырдаганы эсимде жок, тааныш ыр, жагымдуу ыр...
0
Leili
2015-12-03 11:40:01
Бул ыр залкар комузчу Занидин Ийманалиевтин ыры баласы Рахат ырдап журчу кимдин ыры экенин айтып туруп ырдаса болмок
+1
amanatym
2015-12-03 11:52:03
Озу чыгарма жазыш колунан келбегенден кийин авторун айтып анан ырдаган туура болот, бизде автордук укук деген бар, билбеген ырчылар учун.
+1
saltanat2015
2015-12-04 18:42:17
Атам бизге ушул ырды коп ырдап берчуле биз бала кезде,кандай жагымдуу эски ырларды укан.
+1
Aijana92
2015-12-06 03:13:59
ой эркектээр каарып баратса деле ою жаш кыздарда э, жакшы жалпысынан алганда
0
altyn2015
2015-12-06 22:48:50
Чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
Almaz-93
2015-12-08 02:30:08
Байке мин дечи)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан