Баястан, Бегиш Эне тил

Жүктөлгөн: 22-12-2015
03:16
61.92 Мб
Баястан , Бегиш "Эне тил"
Бул ыр Каспер менен биргеликте аткарылган
Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым,
Төрт мезгил мекенимде күз, кыш, жаз, жайы.
Дайым элимдин алаканы жайык,
Жаратканым буюрса берет, баарыбызга нан жайып.
Мен ишенген адамдар бар, алар мага ишенет,
Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден.
Бийик учуп, бүркүт сымал Ала-Тоонун үстүндө,
Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге.

Кайырма:
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники,
Сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники,
Сөзү кымбат кыргыз элдики.

Элимдин жаны менен барабар жерге,
Илгери ата-бабаларыбыз келген.
Улутум сүйлөсүн деп эне тил берген,
Урпагы сактасын деп мээнетин арнаган.
Сөз байлыкты баалаган,
Күндөр өттү арадан.
Жер кургап жамгыр төктү,
Дале кыргыз деген бар адам.
Эй, жашайт мейкин ааламда,
Мен да эркин баратам.

Кайырма:

Кыргыз тил сенин тилиң,
Менин тилим, эне тилим,
Жашайт дайым урпактарга берет билим.
Керек тилим сүйлөгөнгө,
Маселени чечкенге, маектешип түшүнүүгө,
Таарынычты кечкенге.
Кеч калба, эч алба, башка тилди биринчи орунга,
Эне тилиңди тиричилик орунда.
Эсиңдеби эне тилиң колуңда,
Сүйлөсө дейм кыргызча борборумда.

Кайырма:
Комментарийлер (53)
Manaskg.1
2015-12-25 02:19:00
Эээээээ вапше зынк болуптур алга иним
0
anyw
2015-12-25 22:39:43
Классный клип ыр да сонун
0
STAN_KG
2015-12-27 16:07:54
Бул видео клип кээ бирлерге кантип жагып калганын түшүнө албай турам! Ырдоону кааласа серезный эле болуп ырдай беришпейби? ырдаганы сүйлөгөндөй болуп, обону жогорку ырларга жетпегени үчүн ушундай ырларды ырдашат болуш керек!
0
nur16
2015-12-29 13:44:09
STAN_KG, туура
0
kglive
2016-01-30 19:04:25
STAN_KG, Азыркы убакта жаштар рэп стилиндеги ырларды көп угушат. Ошондуктан жаштарыбыз уксун деп, мээсине ушул сөздөр жетсин деп, атайын ушундай ырларды жаздырып жатышат да. "Серьезный" болуп ырдаса жаштар укмак беле? Клип болсо мыкты)
0
akynbaev
2015-12-27 16:23:10
Москвада жургондо бир корей улутундагы адам: -Дуйнодо эн коп ырдаган (поющий народ) эл ким? - деп сурады. Мен ойлонуп калдым. Ал кайра озу жооп берди. Эн ырчы эл бул кыргыз эли - деп. Кыргыздын бут тарыхы ыр сабында калган экен, Улуу Манас эпосу ж.б. эпостор ыр сабында сакталган. Кыргыз торолсо суйунчулоп ыр сунган, кыз узатса, дуйнодон кайтса кошок кошуп узатышкан. Жаман кабарды да, жакшы кабарды да ырдап угузушкан. Дегеле ыр кыргыз учун эн маанилуу нерсе. Бул клип ото оригиналдуу,сапаттуу экен
0
jyrgal.9595
2015-12-28 21:17:09
Эжклерди кошуп койгону жакпады мага бегиш баястан каспер болуп тартылса болмок экен
0
Xperiaedil
2015-12-30 09:44:24
эжекелердин ордуна башкалар аткарса болмок, бирок ыр жакшы
0
jeenmusa
2016-01-05 03:31:08
Ото жакшы жазылган ыр маанисен коп соз камтылган ыр болуптур Азаматсынар чыгармачыл ийгилик
0
Aidaika92
2016-01-10 22:37:54
Песня хорошая клип какой та храмой
0
antoshiin
2016-01-20 19:17:33
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз-тил сабагын берген Жанан эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики.
0
nasko
2016-02-04 01:15:57
Аябай жакты азаматсынар
0
aidai88
2016-04-30 01:51:44
Мен реп укпай койгонума коп болгон Шайыр эженин магинен сон келип коруп отурам.Соонун баары сонун патриоттук сезимдерли дуулуктуротго.Эжелердин катышканы мага жакты кепка кийип алгандарына байланыштуу жуздору даана байкалбайт,кээ бир жеринде эле корунбосо.
0
aibek.aku
2017-01-09 17:21:41
:)))) эжелер чын эле ашыкча болуп калган
0
DaniilDiana
2017-10-31 23:20:09
Кыргызым ушул тапта эмне дейт? - туура. ЗЫНК)
0
DaniilDiana
2017-10-31 23:22:45
патриоттор да чыныгы! РАХМАТ, БАЛДАР
0
DaniilDiana
2018-01-24 01:26:49
бул дуйнодо Жерибиз бар учун, тилибиз бар учун, кыргызбыз! - кенен жеп, кенен уктап, кенен акыбыз бар учун, кыргызбыз!
уже писала комментарии, айтканымдай, ар дайым угуп, эки балага ыраазымын. благодарю за преданность своему делу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан