Омар Булбулум

Жүктөлгөн: 28-12-2015
04:13
53.1 Мб
Жанр: Поп
Омар "Булбулум"
Сөзү : Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал чакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча,
Булбулум, булбулум, ай?

Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып.

Кайырма:
Комментарийлер (42)
aichurok5
2016-01-01 20:41:50
Клип сонун тартылыптыр Омарда келтириптир ырды
0
Afina
2016-01-02 17:14:15
азамааатттт))))))
0
kandai.janym
2016-01-02 17:47:56
Тика
0
Tattybubu93
2016-01-03 01:03:01
Омар ырды сонун ырдаган и клип дагы жакшы чыгыптыр. Молодец, мындан аркы чыгармачылык ийгилик. Кстати, девушка красивая)). Негизи Омардын клиптериндеги кыздар дайыма сулуулар тартылат. Любовь атту ырындагы кыз тоже аябай сулуу, Омар га пара болчу)
0
Abaeva-1987
2016-01-05 15:47:58
Ушул ырды жакшы корчу элем клиби начар эмес болуп калыптыр. Бир калыптагы эле(((((
0
kona_bmw
2016-01-05 16:09:52
молодец! Элмирбек акын да молодец!
0
obon
2016-02-03 23:57:34
Эң сонун килип азаматсыз
0
Afina
2016-02-06 00:43:21
суппппееер!
0
kanybekov
2016-03-01 21:43:41
Бардык ырлары жагат мыктысыз
0
Arzu.kg
2016-03-28 15:55:32
Ырдаганына, унуно соз жок, бирок эмоциясы окшошпой калыптыр.эстеп мунканып ырдабайбы жылмайбай.
0
anya
2016-04-13 18:04:14
Аттин ушул клипке башка ыр болсо, мындан да жакшы болмок .
0
Miali
2016-06-28 17:45:33
jakwy yr negizi.Omar dagy jakwy yrdaptyr,kyzy dAGY jakwynakai eken,myndan ary dagy chygarmachylyk iigilik kaalaim.
0
SANCHO-MACHO
2016-07-07 14:07:26
клиптеги кыз татынакай экен,Айардын клибинде да тартылган экен ,маалымат берип турсаныздар жакшы болот эле Супер Инфо,рахмат.
0
roma-kg
2016-07-21 04:22:50
красавчик супер
0
Maratsher
2016-10-18 10:51:06
Омар - "Булбулум" ырынын эн мыкты аткаруучусу деп эсептейм!... Азамат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан