Болот Тасмаев Сезген жоксуң

Жүктөлгөн: 19-01-2016
04:12
52.65 Мб
Болот Тасмаев "Сезген жоксуң"
Бул ыр Талант Мамасалиев менен биргеликте аткарылган
Сөзү : А.Раимкановдуку
Обону : А.Раимкановдуку
Жаныңа бара албастан,
Ыраактан карап турдум.
Баштагы күндөрдү эстеп,
Башымды чайкап турдум.

Кайырма:
Сен аны, сен аны,
Сен аны сезген жоксуң,
Сен аны билген жоксуң.

Жок нерсем табылгандай,
Жарааттан арылгандай.
Жан дүйнөм балкып турду,
Ошол кез кайрылгандай.

Кайырма:

Жакындап баргым келди,
Жакшы сөз айткым келди.
Жаныңда жарым мүнөт,
Бир болуп кайткым келди.

Кайырма:

Карааның менден узап,
Жүрөктү чырмап, тузап.
Артыңдан кала бердим,
Арманда жүрөк сыздап.

Кайырма:
Комментарийлер (22)
Jazim93
2016-01-20 00:22:27
Клипке тушунбодумгоо....ыр жакты....
0
Beka95
2016-01-20 01:04:49
Ыр орто бирок клипмейкер ценарист менен иштешсе болмок . Келинчеги эмнеге туруп эле кетип калды тушунуксуз.
0
esimdesin
2016-01-20 08:11:01
Beka95,туура айтасыз мен ошол жагына түшүнбөй калдым
0
mirana9395
2016-01-20 09:45:47
клипте толук тушунук жок же мен тушунбой калдвмбы? эмне жонундо кыз таарынып уйунон кеткенин тагыраак корсотсо болмок экен.
0
deva
2016-01-20 10:22:20
Кыз жашаган үйдүн эшиги межкомнатные эшик го э
0
aikol87
2016-01-20 11:13:52
Ыр жакшы экен.Клипке тушундум мен бирок айтпайм))).
0
Milana.
2016-01-20 12:05:13
унунуз керемет ийгилик сизге ырга соз жок
0
marmilantka
2016-01-20 14:54:50
Клипке тушунгон жокмун кыз емнеге таарынып жатат аягында корсотоор деп аягы да тушунуксуз бутту.
0
anykids
2016-01-20 15:10:35
Клиптеги идея жакшы бирок толугу мн ,тушунуктуу жеткире алган эмессинер,будомук боюнча,мындайча айтканда тузу кем аш болуп калган
0
suyor
2016-01-20 18:49:41
Кыз,мени зордоп койдун деп таарынып жаткандай болуп калыптыр, бирок ал аялы, тушунуксуз
0
lika83
2016-01-20 23:22:45
Сонун ырдашыптыр! мага жакты менин баам 5+
байкелерге чыгармачылык ийгилик дагы ырларды кутобуз
0
aitowa11
2016-01-21 16:25:15
Кыз эмнеге жоолугун таштап чыгып кетти тушунуксузго тушунбодум клипке
0
Angel92
2016-01-21 16:59:07
Келин врачка барды го,врач текшерип торобойсун деди окшойт,ошого кетип калды,деп ойлоп койдум.Админдер аудиосу барбы?
0
admin_media
2016-01-21 17:59:23
Angel92,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/159359/
0
Angel92
2016-01-21 21:15:03
Рахмат админ
0
lika83
2016-01-22 02:28:46
сен билген жоксун менен сен сезген жоксундун эмне айырмасы бар?
0
Mechtatelnisa
2016-01-30 14:51:13
Узиге тушконуно караганда, балалуу боло алб ай атышкан го дейм, ошондон кыз озун куноолу сезип кетип калды го деп жооруп койдум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан