Болот Тасмаев Аманат

Жүктөлгөн: 21-01-2016
03:57
55.12 Мб
Жанр: Ретро
Болот Тасмаев "Аманат"
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Тобокел Кашкарбаевдики
Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум,
Жамынып түндү узадым, жазганы ошол тагдырдын.
Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
Айланып келем ыр болуп,
Айрылуу эмес, коштошуу.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Жан курбум, жаштыгым шамдай жандырдың,
Ардактап алгын өчүрбөй, астында калса жамгырдын.
Агарып, ай нуру менен таралып,
Ал күндөр кирет түшүмө, айрылуу эмес, аралык.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Жан курбум, жабыкпай жакшы кал, курбум,
Өзүңдү түнгө тапшырып, сөзүмдү сага калтырдым.
Кош дечи, а бирок көзгө жаш алба,
Ар убак жүрсөң эскерип,
Айрылуу эмес, ажал да.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.
Комментарийлер (13)
Inna_91
2016-01-21 18:23:34
Соонун клип экен жакты
+1
zoichka
2016-01-21 18:44:22
Эхх качаанкы клип го
+1
lika83
2016-01-22 02:43:16
Админ! Болот Тасмаев жонундо жазгылачы сураныч

+1
admin_media
2016-01-22 10:30:46
lika83,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук, рахмат!
+1
Top
2016-01-22 14:43:55
admin_media,АТАЙ ОГОНБАЕВ - КҮЙДҮМ ЧОК ырынын chillout remix версиясын уктум кыргызстан обондорунан, ошону жуктоп коесуздарбы же кайсы диджей жасаганын билесиздерби?
0
admin_media
2016-01-22 15:07:02
Top,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
alimyrza93
2016-01-22 08:35:33
кайрылып келем сага ыр ...
0
alimyrza93
2016-01-22 08:36:41
созун жазып жибергилечи сураныч админ...
0
alimyrza93
2016-01-22 12:07:10
рахмат
0
Duko
2016-01-22 18:02:29
Ырлары абдан жагат. Жакшы клип болгон
0
Milana.
2016-01-23 03:41:55
керемет ырдааа бул кичинекейимде Твданберсе жылбай корот элем. Ырчыгасоз жоооок ийгилик сизгеее талантынызга тааааазим
0
Umutazamat
2017-06-15 02:56:10
Саламатсыздарбы админ ! Тобокел Кашкарбаевдин обонуна таандык "Ак балык " деген ырды таап бересиздерби?
0
arlekino
2017-10-19 03:16:55
Сонун алгачкы клиптерден экен. Уну, ыры эн жакшы. Клиптеги кыз жасалмасыз естеств.ото татына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан