Самара Каримова Баргым келет апама

Жүктөлгөн: 26-01-2016
03:43
58.25 Мб
Жанр: Поп
Самара Каримова "Баргым келет апама"
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Э.Талиповдуку
Ар бир жандын аман болсун апасы,
Чексиз бакыт апалардын батасы.
Ойлой берем ишимде да, үйдө да,
Апакемдин болбосо деп капасы.

Арылбаган ырыскынын кемеси,
Ар бир жандын эсен болсун энеси.
Апам барда дүйнө түгөл, баш эсен,
Тоодой кубат жанда жүргөн элеси.

Бакыт балкып, бакта гүлү жайнаган,
Балалыкка булбул кушу сайраган,
Баргым келет, баргым келет апама,
Балтыр бешик бала болуп кайрадан.
Комментарийлер (40)
edu.kg.
2016-01-28 14:49:53
Куйормандары чычалап бизге обратно жооп жазганды токтотсонор байболгурлар! Эл айтса да калп айтпайт ушуну билип жургуло,самара жонундо айтылгандар баары чын! Асан Мансуров жок болсо ал эч ким эмес бир жонокой эле катын,акчан болсо айга жеткизе чыйылда дегендей эле кеп. Озун озу поп кылып ар кимдин даяр ыр обондорун ырдоо менен мен ырчымын деп айтуу жеткен уятсыздык! Ар майрам убагында сахнаны ээлеп жадата концерт беруу бул ээнбаштык эмей эмине? Бирайлап кандай жадабай концертине барасыынар кызык
+4
AtymKyrgyzcha
2016-01-28 16:25:45
edu.kg.,Ооба, ар бир адам озунун ойун жазууга татыктуу. Бирок мынчалык томон денгээлде эмес. Ар бир адамдын озунун жашоосу бар, аны озу курат. Самаранын концертинин убакыт таппай жатып акыркы кунундо да барганымда зал толгон эле, мукам унду угуп, ырды коштоп баарыбыз сонун эс алганбыз. Самара чынында эле таланттуу. Сизге ийгилик!Туура тушуносуз деп ойлойм.
+4
Inna_91
2016-01-28 20:34:16
Алла пугачеванын алых роз деген ырды уурдап ырдалгандай болуп калыптыр ища кылса корунгондун ырын ырдайт жакпайтт
-2
medetbek.isanov
2016-01-29 08:32:43
Эн жан эргитет турган ыр. Апаларыбыз аман болсун!
+1
Mirba24
2016-01-30 05:45:41
Супер супер супер. Чындыгында ыр да клип да сапаттуу экен
0
2014_samat_DJ
2016-01-31 02:40:34
Абдан соонун ырдайт бул обончу же композитор эмесда обонду ОЗУ чыгаргыдай жон гана аткаруучу Алина Айчурок Динара эжелерибиз деле журбойбу аткаруучу ырчы болуп не Самарага эле асылып калдынар жакпаса корбой эле койгула эч нерсеге жетпегендер ичи куйуп жазышат жетишкен адамдар жазбайт ичинер куйсо туз жалалыгыла колунардан келсе чыгып алгыла.
0
gulkar
2016-01-31 04:16:56
Уну жакшы любой ырды жакшы ырдайт.
Бул ырдын обону жакпады уккулуктуу эмес
-1
edu.kg.
2016-01-31 13:17:26
Койчусуна жараша отугу дегендей эле болупсунар да фанаттары. 90гу кемпир тузугуроок ырдай алат чыйылдабай.
0
leonar
2016-02-02 09:44:38
Бул ырчыны биринчи жолу корушум, жаны чыгып келаткан ырчыбы?
0
nurbek290992
2016-02-02 11:15:28
Баары жакшы.
0
mika_mina
2016-02-02 21:31:02
Самара азаматсыз аз убакыттын ичинде жакшы чыгып келетасыз,инстаграм баракчаныздан кийин таанып калдым.Башкалардан айырмаланып кыргызча так туура жазасыз билимдуу айым экенсиз,чыгармачылык ийгилик!
0
MirbekTalas
2016-02-03 15:10:05
Ушу Самара апама атама деп эле ырдай берчу болду.
0
erkekyz1
2016-02-06 17:30:50
Эн сонун ыр, клиби да жакшы.
0
Bulut_88
2016-03-09 16:47:05
Mirbek Talas анан эмне баклажан-маклажан деп ырдашы керекпи? Атам апам деп ырдаганы жакшы эмеспи...
0
alisa0910
2016-11-06 01:13:03
Bulu_88 туура айтасын,ата-энени мактап ырдоо кандай сонун! Айрым ырчылардын мааниси жок,суйдум-куйдум деген ырларына караганда,алда канча жогорку денгээлде ырдап чыккан.Азаматсын Самара! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм! Эл оозунда элек жок!АЛГА!!!
0
yrys2000
2016-11-30 18:09:39
айабай жакшы чыгыптыр ийгйлйк!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан