Жайнагүл Калчаева Эрмегим

Жүктөлгөн: 10-02-2016
03:31
54.53 Мб
Жайнагүл Калчаева "Эрмегим"
Көзүңдөн айланайын күлүндөгөн,
Энеңдин тийип турган күнү менен.
Ар дайым кубанычыңда, таалайыңда,
Дүйнөдө сени менен болсун энең.

Алдыңа курман сагылайын,
Таарынтып албайын мен, жаңылайын.
Көрбөсөм, кайра-кайра өппөй калсам,
Эрмегим кармап кетет сагынмайым.

Күлкүңдөн, жооругуңдан эркетайым,
Периштем бешенеме тийген айым.
Уядан канат күүлөп учканыңча,
Жаныңда энең-атаң болсун дайым.

Күчүгүм кебетеңден кагылайын,
Баласак болсом кантип жаңыртпайын.
Күн тийип, куштар сайрап сен кубанып,
Бактыңа элде тынчтык болсун дайым.
Комментарийлер (5)
Mali-Guli
2016-02-10 20:43:46
азаматсыз Жайнагул эже! Чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Эн мыкты ыр
0
zoichka
2016-02-11 20:35:30
Сонун ыр.сонун клип.аябай жакты.каармандар уулу менен келини. небереси окшойт.уй булоолук бакыт каалайм.
0
Inna_91
2016-02-11 22:32:31
Ой мынча ширин тултук кыз экен
0
muni5
2016-02-12 09:14:27
созу да обону да жакшы, жаш балалуулардын баарын элжиретти го. чыгармачылык ийгилик
0
muni5
2016-02-12 09:18:26
Келиндин образы жакшы, кайненени да ак жоолукчан балпайган апалардын образын берсе жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан