Назми Падышам

Жүктөлгөн: 12-02-2016
03:43
70.75 Мб
Жанр: Поп
Назми "Падышам"
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Жашоодо жашабайт ал,
Жомоктон жасаганмын.
Кийгизип ырдан таажы,
«Падышам» атаганмын.

Жашачу менде гана,
Мекени жүрөк болчу.
Сүрөтүн тартсам эгер,
Бүт аял сүйөт болчу.

Кайырма:
Ал мени алдабачу,
Күттүрүп ыйлатчу эмес.
Көзүнөн окучу элем,
Көөнүнө сыр катчу эмес.
Таптаза сезимдери,
От болчу эриндери.
Алоолоп күйүп турчу,
Билеги белимдеги.

О, укмуш, ушунчалык,
Мас болдум сөздөрүнө.
Жанына бардым дагы,
Карадым көздөрүнө.

Ыпысык алаканы,
Жүзүмдөн сылап өттү.
Мончок жаш карегимден,
«Тып» этип кулап өттү...
Комментарийлер (25)
krem
2016-02-14 01:54:44
чачты оруп койсо болмок экен
-1
secretik
2016-02-14 12:55:18
Мааниси терен жакшы ыр экен
0
azimhan
2016-02-14 20:38:32
Бут баары жасалма экени корунуп турат. Чачы да озу да. И т,д
0
amanatym
2016-02-15 10:32:49
жон эле койбоптур да ушу клипти жыланачтанбай
+1
magbet
2016-02-16 16:49:30
кантет десен. заманбап болом деп ашыкча болуп кеткен го...
0
Erniet
2016-02-18 02:54:40
Клиптин башындагы алыстан кыйгачынан алынган эпизоддор жакшы чыккан сааттын жанында турганда ал эми дубалга жолонгону жатып алганы болбой калган ырдын обону аягында кулакка жагымсыз Мага бул видеоклиптин башы эле жакты
+1
NAZIK85
2016-02-24 20:48:16
Арыктап жакшынакай болуп калыптыр,жакшы. Негизи озу сулуу аял.
0
Ainagula
2016-03-16 12:03:06
Ырдын созу аябай сонун жазылыптыр. Анан соонун аткарылыптыр.
0
miss-998
2016-05-14 22:33:07
Отуруп ырдаган жеринде аябай эле ачык кийинип алыптыр мага жакпады уксан зээригип кетесин
0
Fila
2016-06-11 12:55:27
В целом очень даже чувствуется вкус и стиль.Мне очень понравилось. Помолодела, похудела.Ийгилик!
0
sejitova95
2016-06-15 13:37:12
Аябай жакты.
0
KAKISH
2016-06-22 00:37:17
Ото укулуктуу ыр!Клип дагы мыкты.
0
SANCHO-MACHO
2016-07-07 14:05:36
ырдын обону жакшы,мааниси жакшы.коп убакыт тартылган дегени окшошпой калды окшойт.Назминин образы да озун башкача корсотуп койгон экен.
0
FlowersGuli
2016-08-09 18:28:56
неге чач коп калын кылып кошуп алган.тем более ондору ар башка
0
Bermet_Kasymova
2016-08-25 01:53:56
Уккандан тажабайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан