Эльзар Өскөнбаева Дил билет

Жүктөлгөн: 19-02-2016
03:01
46.93 Мб
Эльзар Өскөнбаева "Дил билет"
Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Көңүлдүн кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет,
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет.
Комментарийлер (12)
alhayan
2016-02-19 19:18:39
Унунузго береке Эльзар айым! Эн мыкты чыгарманын эн мыкты аткаруусу! Дагы дагы жаны чыгармаларды кутобуз!
+2
zoichka
2016-02-19 21:44:25
Уну таза.кантсе да роза аманованын шакирти да
+2
Maripa
2016-02-19 23:37:12
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Баланын кадырын балага зар билет
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет? ЭН сонун сөздөр. Рахмат Эльзар.
+1
Sultanim
2016-02-20 22:54:50
Arka fon abdan jakti.un,forma sonun!!!
+1
2014_samat_DJ
2016-02-21 00:11:37
Канча жашта карыган корунотко
-1
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2016-02-21 11:12:43
Соонкн ырдаптыр бара келди
0
Nur0701
2016-02-21 13:20:11
Сонун ыр
Мыкты аткарыпсыз эжеке мага жакты
0
ordo213
2016-02-21 13:37:02
Унунузго береке Эльзар айым! Эн мыкты чыгарманын эн мыкты аткаруусу! Дагы дагы жаны чыгармаларды кутобуз!

Сонун ыр
Мыкты аткарыпсыз эжеке мага жакты
+2
Inna_91
2016-02-21 22:58:25
Мааниси зор экен ырдын ата эне кадырын ким билет
+1
dlps
2016-02-26 05:46:21
Жакшы
0
azamatisrail1984kg
2016-03-22 19:56:33
с класс
0
musabek
2016-03-23 04:33:51
Уну жакшы экен Осконбаеванын,жеткиликтуу ырдаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан