Гүлсүн Бостонкулова Менин махабатым

Жүктөлгөн: 01-03-2016
03:17
50.3 Мб
Жанр: Поп
Гүлсүн Бостонкулова "Менин махабатым"
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Ө. Сапар уулунуку
Ай жылдыздан бүткөн, ак сүйүүсүн төккөн махабат,
Арзыйт аны күтсөм, азабына түтсөм махабат.
Аптабына күйсөм, алоолонуп сүйсөм,
Жалганы жок жандап, жаныңда мен жүрсөм,
Башка жандан таппас, бакыт ушул ырахат.

Кайырма:
Ай жүзүмө күндө, айым нурун чачкандай,
Ай көрүнүп түндө ашык болуп жаткандай.
Ак сезимдер жайнап, жан дүйнөмө бүлүк салгандай.
Күн жүзүмө күндө күндүн нурун төккөндөй,
Нуру төгүлүп күндүн ак жүзүмдөн өпкөндөй,
Жаным менин күндө жан дүйнөмө жалын төккөндөй.

Ашык болгон көздөр, аруу таза сөздөр арналат,
Арманы жок күндөр, аппак сага түндөр арналат.
Аптабына күйсөм, алоолонуп сүйсөм,
Жалганы жок жандап, жаныңда мен жүрсөм,
Башка жандан таппас, бакыт ушул ырахат.

Кайырма:
Комментарийлер (23)
jazgul.jaju
2016-03-04 05:50:47
Сонун ийгилик ырчыга.
+1
Beka95
2016-03-04 15:33:37
Ыр чын эле сонун радиолордо кечке ушуну берип атат.Клипке келсек жакшы тартылган. Ал эми клиптеги кыз Назгулго жакшы роль деле жарашат экенго молодец. Назира Токонованын сага деген клипинен кийин баары жамандап жазышты эле.
0
dajjal
2016-03-05 14:00:46
bul klip murda da juktolgon bele je eki irga bir klipbbi?
0
roza1996
2016-03-05 15:05:58
ыр сонун экен....)))
+1
aiturgasha
2016-03-05 16:34:12
Ыры аябай жагат да.
+1
2014_samat_DJ
2016-03-06 00:35:20
Башы чон экен анан ыры абдан женил саны бар сапаты жок ырчылар кобойду
-1
Supara
2016-03-07 05:35:10
I love you Gulsun
+1
Matilda
2016-03-07 13:02:30
Молодец,!Азыркы ырчы кыздардан туболук ойдо!Уну жакшы,сулуу,сексуальная!
0
jfj
2016-03-08 16:58:48
Ушул ыр аябай жагып жургон
0
aytkulova
2016-03-13 14:56:35
Огоо кимдер журот клипте)) Нурмухаммед байке го. Ийгилик!
0
bela77
2016-03-14 10:18:20
Ушул ыр радиолордо хит болуп жатат окшойт...маршруткага отурсамле ушул ыр жанырып жаткан болот. Сонун ыр экен!!!Акыркы учурларда кыргыз эстрадасы жакшы ырлар менен толукталып жатат. "Жубайыма" деген ыр Турдакунду популярдуу кылса, бул ыр ушул кызды алып чыгат окшойт. Аткаруучу чыгарманы эмес чыгарма аткаруучуну таанытып жаткандыгына кубанып жатам.
0
ayzike.83
2016-03-24 03:39:03
Ушул кыздын 12345 деп ырдаган ыры бар болчу, ошону жуктоп кое аласыздарбы,админ?
0
prosto_gul9
2016-05-30 01:06:09
Жылмайганы жакты аябай..Клипке соз жок Класс
0
Ashan
2016-07-30 02:32:53
Мага ушул кыз жагып калды соонун ырдайт экен . Бек менен мурун ырдап жургон кыз эмесби ? Бек менен ырдаган бир да клип жок го ? Кыз озу олло жагып калды
0
BubleGum
2017-08-13 22:35:19
Админ, ырдын автору ким экен маалымат барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан