Алмаз Шаадаев Сагынамын

Жүктөлгөн: 05-04-2016
03:50
48.96 Мб
Жанр: Поп
Алмаз Шаадаев "Сагынамын"
Асман жалгыз, мен жалгыз,
Адам болбойт армансыз.
Тузагында тагдырдын,
Бирге болбой калганбыз.
Эсте уюп элесиң,
Унута албай бир өзүң.
Турмуш бизди бир кылбай,
Туюп сүйүү жемесин.

Кайырма:
Сагынамын, сагынамын,
Неге, жаным, кайрылбадың?
Сагынамын ардагым деп,
Санаа тарттым жообун издеп.
Күтүп келем, күтүп келем,
Карааныңды үмүт менен,
Кең дүйнөдөн жай таба албай,
Күтүп келем, күйүп денем.

Уйкусуз таңдар атты,
Жан дүйнөм алдан азды.
Ой бөлүп эстей берип,
Жалгыздык жанга батты.
Өчүрө албай жүрөгүмдөн,
Өрт-жалында жүрөсүң сен.
Өмүр өтүп кеткиче,
Бир өзүмө келесиң сен.

Кайырма:
Комментарийлер (21)
asia_92
2016-04-05 21:04:44
Мага жаккан жок...
-1
bosmos777
2016-04-05 22:21:43
Болбойт! Начар!!!
-1
Ali-han
2016-04-05 23:45:04
Жон эле койбоптур да. Ото начар
-1
sagyn91
2016-04-06 00:20:41
Кете элек кызына ырдалыптыр да аэропорттон учалек кантип кутот. Изденип тартпапсынарда.
Жакпады.
+1
sraj.kg
2016-04-06 00:32:07
Анчамес экен
-1
nazgul90
2016-04-06 10:11:44
Жакты сонун екен.
0
Nadya_90
2016-04-06 10:19:15
Мааниси жакшы ыр экен.
0
anipa11
2016-04-06 14:15:35
Кыргыздын татынакай, кукладай кыздарынын бирин клипке тартса болмок. же озунон улуу кызды жакшы коруп калдыбы? аэропорттон жонотконуно жараша Бишкектен башка жерде тартса болмок... изден, шашылба!
0
Nur0701
2016-04-06 17:28:26
Ыры аябай эле супсак экен,клип жакшы,вокалга барыш керек
0
medina.
2016-04-06 18:40:48
jaktyyyy
0
batsam
2016-04-06 22:28:25
Бизде 100 ырчы болсо, Ошолордун 97.си вокалга барышы керек деп ойлойм. Ушул клипке короткон акчанарга 1 жыл тынбай вокалга барсанар чики-нари-нарин-ноооуу деген сыяктуу одноразовый ырлар азаят беле деймда.
0
hello.kg
2016-04-07 13:22:10
batsam, чики-нари... ☺ жакты да. Жайлапсынго
0
aitbek.06
2016-04-08 21:34:14
кызы бул дуйнодон отуп кеткенсип кутуптур! Кен дуйнодон жай таба албай! Келет да аман болсо, суйсо!!!
0
mechta2016
2016-04-16 10:28:01
aitbek.06,туура айтасын бул дуйнодон отуп кеткенсип ырдаптарго
0
Beka95
2016-04-09 04:45:04
Ыр жакты бул ырчы жигиттин уну жакшы. клипи супсак болуп калыптыр . Бир куну мунун деле бир багы ачылса керек аракети куч.
0
mechta2016
2016-04-16 10:33:17
кайгылуу экен,мен ойлоптурмун кызы чет олкого кетип жатса,ошондон аары оо дуйного кетип калдыбы дееп...бирок мага жактыыы
0
Miydinova.guli
2016-05-16 15:50:54
Мага жагат Алмаз Шаадаев. Уну да абдан жакшы. Клип анча болбосо да ыры аяваай жакты. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан