Дайыр Исмадияров Тим эле

Жүктөлгөн: 02-05-2016
03:51
54.51 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Тим эле"
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Д.Исмадияров, Эдил Маматовдуку
Сулуусуң сен элдин баары карашкан,
Жигиттер сени самашкан.
Каректер дайым талашкан,
Жагымдуусуң сен.
Сулуулукту курал кылып колдондуң,
Сезимди алдап ойнодуң,
Оолуттуу карап койбодуң,
Жеңил ойдосуң...

Кайырма:
Жигиттен жигит тандадың,
Жасалма сүйүү арнадың.
Чырмалып жалган жашоого,
Өзүңдү сен алдадың.
Сүйөм деп байды алдадың,
Сулуу деп жашты кармадың.
Туруксуз сүйүп акыры,
Жалгызсырап сен калдың.

Мезгил өтсө кетет сырткы сулуулук,
Сүйгөндөр кетет бурулуп.
Жүрөктө калса жылуулук,
Бактылуусуң сен.
Убакыт бар бактыңды сен кармагын,
Сүйүүнү жалгыз баалагын.
Өзүңө теңди тандагын,
Азыр кеч эмес...
Комментарийлер (14)
guljigit96
2016-05-02 13:22:44
555555
-3
anipa11
2016-05-02 14:43:14
Азаматсын, сапаттуу чыгармалар жарата бер.
-3
Bakytchik
2016-05-02 16:21:52
Начар ыр.Дайырда ун жок.Ырдын темасы тушунуксуз.Дайыр клипке кетирген акчасын вокалдан сабак алса болмок.Коендой окшош клиптер албетте аябай бойонгон кыз аны жандаган жигит мындай сюжет кыргыз ырчылардын 99%нын клибинен кездештирсе болот.Дайырда чыгармачылык озгорууну,осууну байкабадым.
+3
Ainagula
2016-05-02 17:07:05
Тим эле койбоптур да. Ун дегенден бир дайын жокко.
0
rozalina01
2016-05-02 19:45:42
Азаматсын Дайыр!!!Клип мага жакты!+5
+1
batsam
2016-05-03 10:20:23
Вокал ото-ото начар.
0
Uhtishka.
2016-05-04 02:44:52
Суйлоп эле койгонго (пФ)...
Анжелика экоону окшото берем ырдаган стилин, кыскасы ун жок.
+1
kepka
2016-05-08 12:35:15
Uhtishka., хааааххааа сага кошулам ак сиз!!!
+2
Aisanakim
2016-05-04 13:37:01
Текст чарчап калыптыр го.Акындар менен иштешсе болбойбу азыркы ырчылар.
+2
Abaeva-1987
2016-05-04 15:46:47
Клиптин артынан клип, ырдын артынан ыр жаздырып эле чыга беришет ((( Вокалга конул буруп койсо болмок! Акты ак караны кара деш керек
0
aydoshka7171
2016-05-08 14:00:21
сонун ыр, аракети кучтуу байкебиздин! ийгиликтерди каалайм!
0
Inna_91
2016-05-13 19:47:02
Кыз жакпады кыргыздын кыздары калбай калдывы орустун кызын клипке тартып
0
cheber
2016-05-16 20:26:45
Соонун! Клип да сонун! Азыркы болуп жаткан турмуш деп айтса болот!
0
Guzi88
2016-08-21 15:28:41
Онорун оркундой берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан