Асема Энекем

Жүктөлгөн: 16-05-2016
03:43
46.73 Мб
Жанр: Поп
Асема "Энекем"
Ай-жылдызга тең, айкөл, терең деңизден,
Ай-ааламдай кең, жароокер менин периштем.
Апа деген кандай,
Ар бири аруу таңдай.
Жыты күндүн нуру,
Баркы бийик асмандай.

Кайырма:
Энекем, энекем, менин энекем,
Энекем, энекем, менин берекем.

Жүрөгүбүзгө мээрим, сүйүү тамызган,
Аялзат, эне аздектелет тарыхтан.
Апа деген кандай,
Ар бири аруу таңдай.
Жыты күндүн нуру,
Баркы бийик асмандай.

Кайырма:
Энекем, энекем, менин энекем,
Энекем, энекем, менин берекем.
Комментарийлер (52)
Karalina
2016-05-25 11:08:57
Эх арман, апам аман болгондо озуно ырдап бермек экенмин!
+10
teginki
2016-09-17 15:10:17
Karalina, кайрат кылыңыз (((
+4
Karalina
2016-05-25 11:10:13
Кичинекей балдардын уну да сонун экен. Актер баладан мыкты актер чыккыдай.
+10
Nuray91
2016-05-26 13:02:02
Ой!!! ыйлап жибердим тим эле, энелер бар болсун!!! Омурлору узун болсун Асема молодец!!!
+10
elyanurahs97
2016-05-29 20:41:14
админ кантип super.kg нын жылдын мыкты клибине кошсо болот.Ал учун эмне кылуу керек,мага отто жакты жылдын супер клиби болуш керек,достор кошуласынарбы,Асема эже озу дагы жагат мага,мыкты актриса,ырчы.
+9
Aselya_9105
2016-06-25 01:16:53
Апаларга арналган ар бир ырлар мыкты албетте. Асема эже ырыңыз жа клибиңиз да сонун болуптур. Бирок сюжет кичине Замир Арыкбаевдикине окшоп калыптыр.
+9
anya
2016-09-08 11:16:10
Бала жашыса, мен дагы жашып кеттим .
+9
karan_khan
2016-09-08 12:11:19
anya, таасирдүү ыр болуптур.
+8
karan_khan
2016-09-08 12:11:24
Алтын апалар аман болушса ... 2 жумадан бери супер хиттен лидер бул айым. Азаматсын! дагы да колдоп, дагы да добуш беребиз
+8
jamali
2016-09-11 11:45:15
Эң мыкты клип! Азаматсыз, Асема айым. Чыгармачылык ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт сизге
+8
amantegin
2016-09-11 12:28:45
En sonun
+8
KAKISH
2016-09-11 12:33:35
Ыр да сонун,клип да сонун,аткаруу дагы мыкты!
+9
weker
2016-09-11 17:18:39
KAKISH, ооба, мага да аявай жакты. Эн жогорку денгээл.
+9
Choop.a
2016-09-12 10:39:50
Асема эже азаматсыз! Эн соонун, буюрса ушу жылдын супер хити болот! )) Ар дайым алга! Биз сиз менен
+7
amantegin
2016-09-13 19:52:55
Süper klip
+7
nurmuhammed.abdibaitov
2016-09-15 14:38:19
жаш балдардын коштоосунда ырдалганы соонун чыгыптыр))
+6
teginki
2016-09-17 15:11:09
Көздөн жаштар кылгырат... апалар аман болушсун
+4
nemo2016
2016-09-24 16:02:07
Супер
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан