Капилет сен карасаң, мен да карап,
Каректе сезимдердин оту жанат.
Көктөмдө жайнап чыккан кызгалдактай,
Көңүлүм сүйүп калган сыяктанат.
Кайырма:
Махабат - тунук мүрөк,
Махабат - сүйгөн жүрөк.
Маанисин билген жандар,
Мазмундуу өмүр сүрөт.
Махабат - тунук сезим,
Махабат - туура чечим.
Мен бүгүн махабатка,
Мас болуп турган кезим.