Чыңгыз Мырзаев Атама

Жүктөлгөн: 24-05-2016
03:06
48.71 Мб
Чыңгыз Мырзаев "Атама"
Сөзү : Өсөр Козуевдики
Обону : Өсөр Козуевдики
Эртеден кечке жумуштан келбей,
Эл үчүн иштеп, тамак да ичпей.
Калкымдын иши жылса деп алга,
Талыкпай ойлоп издедиң айла.

Ар бир ак чачың - үзүрлүү эмгек,
Үзүрлүү эмгек жөн эле келбейт.
Унутуп үйдү, берилип ишке,
Кайтасың үйгө дайыма кечте.

Атаке, сага амандык тилеп,
Жолуңду жолдоп балдарың келет.
Залкар ой-асыл насаатын айткан,
Карааның бизге күч-кубат берет.

Сый-урмат көрүп, узакка жаша,
Журтуңдан ызат көрүңүз эми.
Эмгегиң даңктап, кылганың айтып,
Ардактап жүрсүн айылдын эли.
Сыйлап бир жүрсүн айылдын эли,
Кыргыздын эли...
Комментарийлер (5)
sara90
2016-05-24 13:05:08
Аталарыбыз аман болсун...сизге чыгармачылык ийгилик Чыке аке:)
+3
deva
2016-05-24 14:23:09
Сонун ыр болуптур! Классикалык ыр үчүн Өсөр агайга ыраазычылык! Аталар аман болушсун!
+2
altyn2015
2016-05-24 19:50:17
Создору сонун ушул ырдын. Осор Козуев озу да сонун ырдайт. Ишине ийгилик!
+1
Karalina
2016-05-25 10:48:27
Молодец. Уну чонун экен!
0
Mavlyuda
2016-05-26 13:44:18
Ата деген кандай сонун. Жакшы ырдаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан