Гүлнур Сатылганова Бала - бакыт

Жүктөлгөн: 26-05-2016
03:42
52 Мб
Жанр: Поп
Гүлнур Сатылганова "Бала - бакыт"
Балалыкка бардык дүйнө тартылат,
Бала үчүн бардык бакыт айтылат.
Эң биринчи "ата, апа" деп сүйлөсө,
Жүрөк балкып, келечегиң жаркырап.

Карагыла башка сезим, көз менен,
Балаңарга жылмаюуну тартуулап.
Таттуу уйкуда жатса балаңар,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Абдан жакын болсо араңар,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Эгер аны чексиз сүйсөңөр,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Ал жылмайса кошо күлсөңөр,
Анда силер мыкты ата-энесиңер.

Өмүр бою бөлүп жүрөк жартысын,
Ким издебейт балдарынын бактысын.
Бүт ааламга сунар элем сураса,
Сүйүү кылып карегинин тамчысын.

Карагыла башка сезим, көз менен,
Балдарыңдын келечекте бактысын.
Таттуу уйкуда жатса балаңар,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Абдан жакын болсо араңар,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Эгер аны чексиз сүйсөңөр,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Ал жылмайса кошо күлсөңөр.
Анда силер мыкты ата-энесиңер.
Комментарийлер (17)
elli_88
2016-05-27 09:34:21
сонун болуптур ыры да клипи да аябай жакты конулду которот экен.
-1
anya
2016-05-27 14:41:19
Мага да жакты озгочосу Гулнур эже периште болгону .
-3
jalguzum
2016-05-27 16:05:30
Ырдын обону эч жакпады
+3
Milana.
2016-05-28 03:50:20
Жакпады ыр да клип да ырда мага корком адабиятта эжеке ыр окугандай эле болдууу
+4
Keremet008
2016-05-28 10:30:11
Гулнур эже азаматсыз. Маанилүү ыр экен. Озунуз да ачылып алыпсыз гоо.
-3
nurtilek969796
2016-05-29 22:11:27
Гулнур эже азаматсыз сиздин ырларынызды дайыма угам
-4
mika2018
2016-05-30 13:14:57
Бул эжеде талант жок же ыр жаза албайт же обон чыгара албайт,жасалма ырдайт анан мактанганына таң каласын.жеке пикир
+1
Karalina
2016-06-01 10:37:33
Эн жакшы клип жана ыр. Гулнур эженин уну озгочо тунук.
0
Samchuk
2016-06-01 16:06:53
Абдан жакты. Ата-энелерди ойлонто турган, сабак боло турган мааниси бар экен
0
ofcourse
2016-06-05 10:42:57
Super soz jok
-1
Inna_91
2016-06-05 15:47:34
Чон деп баары сыйлайт бирок келжиреп катта катын ойногону жарашпайт уйундо небересин карап отура берсин жаштарга орун берсин
+2
Fila
2016-06-06 13:56:12
Катта дебей эле койбопсуз!Сиз жаш бойдон эле кала бересизби?Арык бойдон.
0
ayaza
2016-06-07 11:36:28
Мага ушул эженин голосу,ырлары таакыр жакпайт,грубый,акыркы интервьюларында да ото эле озун которуп суйлоп калыптыр,бир дагы ырын жактырып деле укпайм.Кечириниз бул менин эле оюм,бактылуу болунуз!
-1
lira
2016-06-09 04:06:01
Жагымдуу ыр экен
-1
Aisuluu160790
2017-04-29 16:26:44
Мыкты ыр жана клип барыбызга ата эне болуу насип эткин болсун ылайым. Мааниси да мыкты. Мен да мээримдуу апа болгум келет...Гулнур эже азаматсыз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан