Айымжан Сүрөөн

Жүктөлгөн: 29-05-2016
04:37
63.66 Мб
Жанр: Поп
Айымжан "Сүрөөн"
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Эрнест Жоошевдики
Канат берип кайкытып,
Алып учат алыс билимиң.
Жан дүйнөнү жаркытып,
Акылыңдын жандыр билигин.
Жалындасак канчалык,
Жалпы дүйнө тамшанып,
Калкыбыздын көрсүн бийигин!

Кайырма:
Жаралып нурдан,
Жарыгын сунган,
Жылдыздуу элим кыргызым.
Тиленем түтпөй,
Бийиктен түшпөй,
Көкөлөй берсин жылдызың.
Көкөлөй берсин уул-кызың,
Көкөлөй берсин кыргызым.

Жаштар берет жаңы күч,
Желбиретип жеңиш желегин.
Ала-Тоону алып уч,
Эл-жериңе тийсин керегиң.
Жүзүбүздөн кут жанып,
Дүйнө бүтүн суктанып,
Элибиздин билсин тереңин!

Кайырма:
Жаралып нурдан,
Жарыгын сунган,
Жылдыздуу элим кыргызым.
Тиленем түтпөй,
Бийиктен түшпөй,
Көкөлөй берсин жылдызың.
Көкөлөй берсин уул-кызың,
Көкөлөй берсин жылдызың.
Комментарийлер (35)
sladkaja
2016-06-01 11:11:15
Чындыгын айтканда мындай: созу сонун, сурогон жерлери да окшошкон, бирок обону париоттук ырга туура келген эме, анан да аткарылышы кадимки лирика ырындай болуп калган. Айымжан, сен жашсын баары алдыда, талыкпай иштей бер!
-6
Samchuk
2016-06-01 16:04:49
Сонун озгочо клип, ыры да сонун экен.
-2
Aytur
2016-06-02 16:23:07
Сонун!!!
-1
F.Torres
2016-06-03 11:42:02
Жаман эмес клип!
-2
Gulmirahon
2016-06-03 22:24:58
Azamat! Ununo bereke.
-2
Nur0701
2016-06-05 10:42:01
Азаматсын карындаш
-2
Inna_91
2016-06-05 15:43:54
Айымжан негедир жакпайт.ырларыны вопше уккан эмесмин и уккумда келбейт.ыры чыкса след кнопканы басып жиберем.
-5
talantbektegin
2016-06-07 00:21:20
Ыр клип жакшы.клиптеги топту чеберчилик менен ойногон кыз жакты
-2
Asyl19.09.90
2016-06-09 14:00:01
Соооонун ийгилик Айыма
-2
nurmuhammed.abdibaitov
2016-08-19 22:22:10
жакшы аткарыптыр ийгилик ))
-2
azamat7
2016-09-13 22:04:00
Айма азаматсын ырларын жакшы
-1
aijanasan
2016-09-18 12:19:18
Аябай жакшы клип экен азаматсын Айыма
0
belka
2016-09-29 15:43:58
Создору ото маанилуу,супер.
+2
AshatMJ89
2016-12-21 16:56:16
Клип орто. Бирок ыр футболду сүрөө ырына анчалык коошпойт.
0
bela77
2016-12-21 17:01:13
Мага клип жакты. Курама команданын футболчулары айрыкча.Бирок мага тескерисинче ыр клипке туура келбегендей сезилип жатат. Ыры кучтуурок болсо клип да коркуно чыгат беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан