Айпери Кулбаева Сага гана

Жүктөлгөн: 06-06-2016
04:31
55.54 Мб
Жанр: Поп
Айпери Кулбаева "Сага гана"
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Сага гана, эрким сынып багынамын,
Эригемин, кагыламын, сага гана.
Сага гана, эрке суудай агыламын,
Эркелеймин, таарынамын сага гана.

Кайырма:
Сага гана жагынамын,
Сени гана сагынамын.
Сени менен бир болсом деп,
Жаратканга жалынамын.

Сени гана, жан дүйнөмө чакырамын,
Жүрөгүмө батырамын, сени гана.
Сени гана, күн-айымдай аркаладым,
Гүл багыма алып барамын, сени гана.

Кайырма:

Сени менен, жашоо мага чексиз жыргал,
Жакшы, бүтпөс жомок сыңар сени менен.
Сени менен, куланбаган тактыдамын,
Кубанычта, бактыдамын, сени менен.

Кайырма:
Комментарийлер (12)
Keremet008
2016-06-07 17:12:03
Айпери го аракет кылыптыр бирок ото жонокой болуп калган. Мисалы мейли Ана кок койногу жарашыптыр сойкосун арзаан дагы бийчи кыздардан кичине айырмаланып кийинсе болчудай экен эле. Бирок тегеле бул ырды аял киши ырдаган жарашпайт экен. Эркектер сага гана сени гана сагынамын десе жакшы кайран убакыт кайран эле акчаааа
-2
Feride-1991
2016-06-07 20:55:32
Мага вопше бийчилеринин бийлегендери жакпады кандай бийлешкен
-2
bosmos777
2016-06-08 00:49:05
Жакшы ырдаган! Ийгиликтер!
0
joker007
2016-06-09 22:15:17
Жакшы ойдогудай клип болуптур,биринчи жолу коруп жатам шандуу ыр ырдап еще бийлегенинди любой ырды коркуно чыгара аткарасын молодец!!!
+1
Jaidary
2016-06-10 06:28:04
Азаматсын
+1
Maralbek.CH
2016-06-14 01:11:57
Жакшы тартыпсын Съезд
0
beka1979
2016-06-23 01:45:47
Жакса олойун, вкусу жок экени корунуп турат. Ыр жарашкан эмес, кайран акча, Бектин ыры олуптур даааа
+1
beka1979
2016-06-23 01:47:46
Самарага тенелем деп эле бутту бул кыз, баары бир ал сулуу, ал таланттуу, ал ийгиликтуу аял экен.
0
oilonchu92
2016-06-23 14:57:01
мага да ынабайт ушул кыз.....
0
joker007
2016-06-24 14:51:29
ХХХ ХХХ озунун эмгеги менен популярдуу болгон мин эсе улуураак аны еще кыргыз эли бут билет.
0
admin_media
2016-06-24 15:26:55
joker007,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
0
znanylay
2016-06-27 18:28:02
Айперинин үнү эң сонун!Ар бир ырды жеткире ырдайт.Чыгармачылыгыңа чоң-чоң ийгиликтерди каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан