Мирбек Атабеков, Турдакун Ниязалиев Айтыңыз маарек болсун!

Жүктөлгөн: 07-06-2016
03:31
54.14 Мб
Жанр: Поп
Мирбек Атабеков , Турдакун Ниязалиев "Айтыңыз маарек болсун!"
Сөзү : Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону : Турдакун Ниязалиевдики
Жаратканга жакын экен,
Айт майрамы асыл экен.
Курман чалсаң кутуласың,
Балээлерден башың эсен.

Жаратканды унуткандын,
Жан дүйнөсү жакыр экен.
Кулдугу бар, сыймыгы бар,
Кыргыз эли баатыр экен.

Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!

Ала-Тоосу бийик болуп,
Көкүрөккө үмүт толуп.
Маарек болсун айтыңар деп,
Ак батасы тунук болуп.

Улуулары урмат кылса,
Кичүүлөрү сылык болуп.
Кылымдардан келе жатабыз,
Кыргыз деген улут болуп.

Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!
Комментарийлер (27)
admin_media
2016-06-08 09:07:21
mika2018,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер admin@super.kg дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек! Коомдук этиканы сактаңыз!
10 күн БАНга!
+1
Aksy-13
2016-06-08 09:09:21
ыр аябай жакты клипти да сонун жаратышыптыр чиркин, эки ырчынын тен ундору отто керемет экен эч салыштырып болбойт бири бирине! Турдакундун ырлары да укмуш уккулуктуу!!!
+2
MaRmeLaDka
2016-06-08 10:48:24
Мирбек илибой ырдын коркун ачат да))). Турдакун ырдап, Мирбекке откондо кадимкидей жандана тушуптур.
+2
Jakusya
2016-06-08 11:01:52
Мага аябай жактыыы, сонун сөздөр...
Экөөсүнүн тең ырдоо стили бар, үндөрү айырмаланып турат, негизи эле акыркы кезде мен Турдакундун угарманымын))))
+1
nurizaa
2016-06-08 12:03:59
Эки ырчы окшошуп кетишет экен)))! Сонун ыр дагы клип дагы)))
+1
SweetLady
2016-06-08 12:19:23
Сонун чыгыптыр. Азаматтар! Туткан орозоңуздар кабыл болсун!
0
MARAT.OZGON
2016-06-08 15:03:39
Жакшы ыр экен
0
MMA_1
2016-06-08 19:03:17
Клипке дагы бир аз көркөмдүк кошсо болмок экен бирок ушул деле эң сонун.
+2
kuu-1005
2016-06-08 19:43:14
Эн мыкты Дуэт!!!
0
ukueva88
2016-06-08 22:33:13
Соонун экоо окшошуп да кетишет экен,,талантынар ташкындай берсин!!Алга!!!
0
tamerlan0703
2016-07-05 15:24:14
Азаматтар!)Мага аябай жакты!Айт маарек болсун!Эл журтубуз тынч,ынтымактуу бололу!
0
Nurikzair
2016-07-05 20:21:44
Сонун.азаматсынар
0
Alisher
2016-07-06 11:47:29
Soonuk klip,Aytinizdar maarek bolsun!!!
0
Mile
2016-07-10 17:30:21
Клип жонокой болуп мааниси жакшы болбой калыптыр. Мындан коро айт майрамда ата-энесин,бир туугандарын,жакындарын барып кабар алганын,таарынышып капалашкандардын жарашкандарын,жардамга муктаждарга кол сунгандарды коркомдоп тартса мыкты болоор беле...
0
TAION
2016-07-11 06:23:18
Сонун болуптур,азаматсынар жигиттер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан