Иса Өмүркулов Издеп сени

Жүктөлгөн: 13-06-2016
04:27
58.12 Мб
Жанр: Поп
Иса Өмүркулов "Издеп сени"
Балбылдаган көзүң беле шам чырак,
Байкасаң, жакшы сөздөр айтылат сенин дарегиңе.
Ошол күндүн элесине байлангам,
Жолуңдан тоссо көлөкөңө кошо айлангам.

Ажарың сүйүү сунгандай,
Азабың дагы жыргалдай.
Өзүң бар үчүн бул дүйнө
Өзгөчө жаркып тургандай.
Сен жүрөгүңдү жалгыз мага арнасаң,
Мен сүйүү кушун учурбай бек кармасам.
Биз бактылуу болот элек ар качан,
Ысык-Көлүм тоңуп, сызып кетсең ак куу болуп
Жүрөк кезейин, дүйнө кезейин, издеп сени.

Кадырыңа жетсем деген жигит көп,
Карматпай ал ансайын бийиктеп кайда умтуласың.
Сырдашалы келчи бүгүн кечинде
Сындырып шагын мунурасын, жаным, кечирбе.

Ажарың сүйүү сунгандай,
Азабың дагы жыргалдай.
Өзүң бар үчүн бул дүйнө
Өзгөчө жаркып тургандай.
Сен жүрөгүңдү жалгыз мага арнасаң,
Мен сүйүү кушун учурбай бек кармасам.
Биз бактылуу болот элек ар качан,
Ысык-Көлүм тоңуп, сызып кетсең ак куу болуп
Жүрөк кезейин, дүйнө кезейин, издеп сени.
Комментарийлер (14)
MaRmeLaDka
2016-06-13 12:23:19
Исанын ушул ырын угуп жактырып жүргөм. Аябай жакты. Админ, сураныч, аудиосун да жүктөп коюңуздарчы....
0
admin_media
2016-06-13 13:03:03
MaRmeLaDka,
Саламатсызбы! Шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/audio/169777/
0
slastenchik
2016-06-13 19:48:41
СуперИнфо жебе тобунан интервью алгылачы.
0
burunduwkina
2016-06-13 19:51:29
Ооба Жеведен интервьюу алгылачы. Кенже Дуйшеванын оштогу концертте жебе тобу 5жылдык концерт беребиз деген.
0
admin_media
2016-06-14 10:29:38
burunduwkina, slastenchik,
Саламатсыздарбы! Сунушутар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат!
0
Tariel0787
2016-06-13 21:18:51
супер
0
azimhan
2016-06-14 01:12:25
Жакшы клип болуптур. Ийгилик.
0
mergul
2016-06-14 07:47:47
Чыгармачылык ийгилик
0
Ananai
2016-06-14 13:11:11
Исанын озу мурунтан эле аракети бар болчу. . . Кулака жагымдуу ыр, сонун жан дуйнону термелткен клип! Кыскасы сонун . Иса азаматсын!
0
pandoravirus
2016-06-14 14:34:32
Клип сонун болуптур, өзгөчө бактын ичинде тартылган жерлери кооз болуптур. Азаматсың!!!
0
Miydinova.guli
2016-06-15 09:19:30
Оа абдан жакшы чыгыптыр. Ийгилик каалайм.
0
Nurai.1992
2016-06-16 03:10:20
мааниси терен,жакшы ыр экен
0
Kut-begim
2016-06-22 18:38:42
Аябай жакты азамат.
0
diar_1113
2018-02-02 03:28:28
Сонун клип. Кыргызстандын Джастин Вибери да Иса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан