Гүлсүн Бостонкулова Мага жолук

Жүктөлгөн: 27-06-2016
04:18
52.65 Мб
Жанр: Поп
Гүлсүн Бостонкулова "Мага жолук"
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Жүрөгүм эмнеге муздаган?
Жүрөгүм эмнеге сыздаган?
Жерден да, айдан да мен сени,
Кызганам, кызганамын, кызганам.

Кайырма:
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.

Желаргы желп этсе жамынам,
Жалынам Теңирге, табынам.
Жалындап от болуп, алоолоп,
Сагынам, сагынамын, сагынам.

Кайырма:

Күнөөсүз кыйналдым бүт өмүр,
Күбө бол, бүт достор, бүт элим.
Күтөмүн үзүлбөй үмүтүм,
Күтөмүн, күтөмүн.
Комментарийлер (4)
Matilda
2016-06-28 00:45:08
Вау Гулсун,сонун ырдаптырсын,красавица!Д.Акуловадай жагымдуу ырчы!!!!!
0
Ainush93
2016-06-28 08:48:59
Гулсун красавица! а клип баягы эле сулуу кыз, кымбат машине...башкалардан айырмасы жок....
0
sweety94
2016-06-29 12:31:42
Эн соонун ырдаган)))
0
Keremet008
2016-06-30 19:45:45
Гүлсүн татынакай кызсыз,бирок ана улаган чачыңыз жакпай турат. Өзгөртүңүз....?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан