Кенже Көбөкова Кечирип кой

Жүктөлгөн: 20-06-2016
04:23
56.15 Мб
Кенже Көбөкова "Кечирип кой"
Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.

Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.

Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.

Кайырма:

Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.

Кайырма:
Комментарийлер (6)
tamin
2016-06-21 19:11:30
Ыр жакшы эле бирок клип анча болбой калгандай туюду мага бир ааз мааниси жогураак болуп калган
+2
KAKISH
2016-06-22 00:32:13
Жакшы тартылыптыр.Сонун ыр,аткаруу.
Башкы каарман аябай боенуп алыптыр,боегун азыраак кылганда.Бирок бышкан ашка сынчы коп болбой эле коелучу)
+1
sapargul
2016-06-27 18:33:34
Кенже эже бардык нерсеге аяр мамиле жасайт. Чыныгы чыгармачыл инсан.
0
domi
2016-07-02 12:28:00
жакшы ыр жакшы клип экен
0
janaraMK090911
2016-07-20 17:52:07
жакшы ыр
0
sapargul
2016-10-25 00:10:15
Кенже эже сизден элдик ырларды кобуроок аткаруунузду суранат элек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан