Жумагүл Раимжан кызы Оорусаңыз таарынам

Жүктөлгөн: 04-07-2016
04:11
58.39 Мб
Жанр: Поп
Жумагүл Раимжан кызы "Оорусаңыз таарынам"
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Б.Борбиевдики
Ооруп калды деп угуп капысынан,
Узак болуп күндүн да батышы улам.
Ойлор кечип отурдум өмүр тилеп,
Жол түшсө деп ак таңдын атышынан.

Кайырма:
Оору сизден адашсын болуп алыс,
Жакшылыкта жадырап жолугабыз.
Жарык дүйнө бардыгын эске салчы,
Оорусаңыз таарынам, оорубаңыз...

Сиз мен үчүн сыйлуусуз, эбегейсиз,
Балким, буга түшүнбөй неге дейсиз.
Ак жүрөктүү асылдар аз болушат,
Сиздей таза, кадамын ченебей түз.

Кайырма:

Билбейм неге мен сизди аяп турам,
Амандыкты чакырып канаат кылам.
Бийиктикке сиз турган шаты коюп,
Бийлик кылып бир сезим баратты улам.

Кайырма:
Комментарийлер (18)
hello.kg
2016-07-05 01:04:32
Актер жигиттин журогун кармап отуруп алганы окшошпой калыптыр да аттин.
-1
sharolli
2016-07-05 10:45:45
Ырчы менен актриса кыз молодцы
0
M.Lancer
2016-07-05 11:22:05
Сонун ыр Сонун ырчы
+1
takowa_tyratbekovna94
2016-07-05 13:17:36
Калипа Усенова беле адашпасам актриса ушул эже абдан жагат клипти да ушул Эже бар учун эле кордум Жумагулду таныбайт экем уну мынча чайылдайт кулакты жеп
-1
Kanzada97
2016-07-05 13:24:17
Мага да жакты соонун
0
altyn2015
2016-07-05 17:12:29
Ушул кыздын уну жагат.
+2
rustam-jan
2016-07-05 19:37:43
Айабай жакты жакшы ыр талантыныз ташкындай берсин мукам ырларды жаратып журо бериниз!!!
+1
MARAT.OZGON
2016-07-05 19:47:34
Аябай соонун ыр экен эч бир Жан оорубасынчы ылайым !
0
Atlantic
2016-07-05 20:27:33
Сонун ыр экен клип дагы жакшы тартылыптыр ийгиликтер коп боло берсин
+1
Myrza.
2016-07-05 21:33:36
Негизи ырчы айымдын ырдаган ырлары мага абдан жагат, бул ыры дагы жакшы чыгыптыр.
+1
Akzholtoi
2016-07-06 12:08:42
Созу жакшы
0
elyanurahs97
2016-07-07 13:47:58
Калипа Уснова жакшы аткарат,клипттин коркун ачып койгон,ырдын обону жакты.соонун юолуптур,озгочо Калипа Усенова мыкты эже.
0
Neo
2016-07-07 23:36:00
Сонун!
0
Maks_shop
2016-07-08 05:07:32
эжемго эдем сонун
0
Shapak1979
2016-08-30 23:17:56
Соонун ырдайт да.Озу да соонун кыз да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан