Съездбек Искеналиев Жубайыма

Жүктөлгөн: 11-07-2016
03:46
58.62 Мб
Жанр: Поп
Съездбек Искеналиев "Жубайыма"
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Бул дүйнөм, бул өмүрүм сени менен го,
Ырысым, ырыскым да сени менен го.
Күлкүсү балдарымдын сени менен го,
Бактылуу көз ирмемдер сени менен го.

Кайырма:
Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен,
Ак тилек менен убайым тартарым сен.
Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен,
Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым,
Сүйгөнүм, жубайым сен.

Жашаймын күлүп турган көздөрүӊ менен,
Жашаймын сүйөм деген, сөздөрүӊ менен.
Жадабай миӊ ырахмат айтсам да аз го,
Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген.

Кайырма:
Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен,
Ак тилек менен убайым тартарым сен.
Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен,
Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым,
Сүйгөнүм, жубайым сен.

Күндөрү жаштыгымдын сени менен го,
Жашоонун жакшылыгы сени менен го.
Бактысы балдарымдын сени менен го,
Бул дүйнө, бул өмүрүм сени менен го.

Кайырма:
Комментарийлер (33)
altynbubu
2016-07-15 20:40:52
Сонун клип болуптур!!! Ылайым баш кошкондор бактылуу болушсун!!!
0
mishonia8077
2016-07-17 02:10:53
Молча завидуйте Анжеликага.Неля деле секирип атат го.Баары тен сулуу.
0
ayva
2016-07-17 05:02:51
Бек байкебиздин ырдаганына жетпейткен...
Клипке келсек аракети аз,жылдыздар тартылганы мн супсагыраак.
Коментке келсек биздин кыргыздарга эч нерсе жакпайт.эки экиден ушактатып сынаттырып эле койсо,озубузду кузгудон карабай бироону сынай беребиз.
0
teletz-1987
2016-07-18 07:13:31
Клип жакшы тартылган, бирок Бек байкенин ритмине конуп калгандыктан, Съездбек супсак, хреново эле ырдаптыр. Балким башка ырчы аранжировкасын майын чыгара ырдамак.
0
syrgajan
2016-07-18 16:56:12
Эң жакшы.Жубайы жылдыздуу экен.
0
aikol87
2016-07-20 10:18:48
Баары жарашыктуу таттуу тугойлор ,бактылуу болгула.соонун чыгыптыр.
0
operaledi
2016-07-20 17:20:08
Анжелика жолдошу менен клипке корк кошушкан! Баардык тугойлор жакшынакай!
0
Aselya_9105
2016-07-23 00:14:55
Эмне эле Анжелика менен жолдошуна жабышып калдыңар түшүнбөйм да. Сопсонун эле тартылышкан жана чындыгында көрк берген. Бул жакта бактылуу үй-бүлөөлөрдүн символу болгон жубайларды үлгү катары тарткан Съездбек байкеге ыраазычылык. Баардык жубайларга үй-бүлөөлүк бакыт, кармашкан колуңар үзүлбөсүн.
+1
Ellis80
2016-08-09 14:33:32
Эн соонун клип болуптур, лишний эч нерсе жок, бактылуу, таттуу тугойлор тартылган баардыгына бакыт кармашкан колдору бекем болсун.
0
Fari-Zat
2016-09-29 17:20:13
Барынан Да Замир Арыкбаев мн жубайы жакты.жанынан коргум келет интервью алса вообще сонун болмок.
+1
anya
2016-10-02 18:02:35
Азыркы ырчылар клиптерине бири-бирин тартмай модабы же идея жокпу мен ушуга тушунбой жатам ?
0
anya
2016-10-02 18:03:40
Ушу башка ырчылардын клиптеринен Анжеликаны корсом эле жиним келе берет .
0
Nasipov.97
2016-11-13 13:43:05
Абдан жакшы клип болуптур.Ыры дагы сонун.Ушул ырды Ибрагим Жунусов ырдаганын уккам.Абдан жакшы ыр.Илгерки ырларды жанылап чыккан экен.
0
bela77
2016-11-16 11:09:12
Клип кооз тартылыптыр.Бирок ырдагынана 3 деген баа койдум. Клиптин сюжетине курч окуя кошуп тартса коркуно чыкмак беле.
0
Elya7186
2017-10-14 17:01:20
Супер клип болуптур, жалан бактылуу уй булолор топтолуптур Урмат&Неля Урмат&Анжелика Замир Арыкбаев жубайы менен Съездбек ж.б молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан