Гүлбү Ороскул кызы Өмүр жазым

Жүктөлгөн: 21-07-2016
03:52
127.49 Мб
Гүлбү Ороскул кызы "Өмүр жазым"
Сөзү : Бурул Рыскулбекованыкы
Обону : Асеин Добулбекованыкы
Өзүңдү өмүр бою унута албай,
Өткөрдүм өмүрүмдүн жашыл жазын.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.

Күйгүзгөн жалынына сенин отуң,
Отуңа кактап коюп өзүң жоксуң.
Кечигип кемитпечи, асылзатым,
Кечигип неге келбей, көңүл болсун?

Сенсиң го менин сүйгөн асылзатым,
Өзүңө өмүр бою багынайын.
Кылымдар кылым санап өтсө дагы,
Карыбайт сага деген махабатым.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан,
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
Комментарийлер (5)
nazi0807
2016-07-25 08:54:23
Керемет клип болуптур
+2
jusup111
2016-07-25 23:49:18
ЭН соонун
+2
KAKISH
2016-08-01 19:24:18
Аябай жылдыздуу ырчы кыз!Ийгилик!
+2
Sajakat14
2016-09-13 23:15:26
Тиштери укмуш тизилген! Сулуу аял! Үнү дагы укулуктуу жакшы.
+3
fanatka19
2017-09-13 18:07:36
Керемет ырчыдан керемет чыгарма экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан