Айгерим Расул кызы Келчи, келчи

Жүктөлгөн: 27-07-2016
03:29
50.19 Мб
Жанр: Поп
Айгерим Расул кызы "Келчи, келчи"
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Жайында эмес көңүлүм
Бир арманы бар өңдүү.
Кетилгенсийт өмүрүм
Суу кемирген жар өңдүү.

Кайырма:

Келчи, келчи көңүлдө
Издер калсын унуткус.
Ансыз да биз өмүрдө
Учуп-конгон булутпуз.

Салып коюп тымызын,
Мени ушул абалга.
Бүтө электей жумушуң,
Түр кылганың жаман да.

Кайырма:

Элек болуп экчелип,
Өткөн күнүм курусун.
А көрөкчө тез келип,
Таркат көңүл булутун.

Кайырма:
Комментарийлер (50)
temirlan79
2016-07-30 17:33:25
Баары сонун эле турат
+1
Zolotoi.
2016-07-31 00:22:44
Клиптеги кыз болгону 13 жашта экен
0
meili
2016-07-31 13:15:24
Ыры жакшы бирок, стилистер мн иштешчи айланайын кийингенин кантет, сага суперден наам бериш керек болду жылдын табити жок айымы деп, ошондо изденет окшойсун, канча жылдан бери сахнада журосун кийиништи билбейсин, изденуу жок сенде, ун келбет бар.кечээ эле ырдап чыккан Асел сага караганда сахнада кандай кийингенди билет.
0
mishonia8077
2016-07-31 19:54:05
Клиптеги эркек Айгеримдин кайыниниси окшойт кыз нянясы кичинекей болсо озунун кызы Ханбийке окшойт деп ойлойм
0
Sara7777
2016-07-31 21:11:41
ХХХ ХХХ Айгеримдин кийингени жакпаса корбой койгула да ХХХ ХХХ
+2
admin_media
2016-08-01 12:06:25
Sara7777,
Эскертүү! Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого тыюу салынат! Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
0
aksy.koi-tash
2016-08-01 00:31:48
Ыр дагы клип дагы абдан жакшы
+1
Jantaev
2016-08-01 00:36:00
Ыры обону жакты. Айрыкча клиптин мааниси да жакшы экен. Келиндер көчөгө чыкканда жасанбастан үйдө күйөөнөрдүн алдында жасангыла. Деген маанисин түшүндүм.
+3
Bishkek
2016-08-01 16:00:53
Азамат ачык кийгени менен тартипту эле келин болгон, башкаларга Караганда, ун да озу да слуу кыз. Бирок клип кичине окшобой калган, а так бары жакшы, бактылуу бол эл суйлой берет.
+2
Sajakat14
2016-08-01 19:50:36
Жакшы ырдаптыр! Бирок келиндин образын аткарган кыз өтө эле жаш экен. Анан келин чачын саксайтып жүдөмүш болуп алыптыр жоолук салынып турганда.
-2
Aselya_9105
2016-08-01 20:57:32
Мдаа, бул жакта баарыңар тең Айгеримге асылып жатып калыпсыңар го. Ырдын сөзүнө маани берип анан клипти карасаңар бири бирине айкалышып эле турат го сопсонун. Жакпаса көрбөй койгула да нервиңерди коротпой. Клиптин мааниси өтө терең. Азыркы өзүн карабай калган жаш келиндерге сабак.
+1
Aselya_9105
2016-08-01 20:58:23
Айгерим алга. Чыгармачылык ийгилик. Ыр да клип да жакты.
-3
ainuska00
2016-08-03 12:00:07
Айгерим молодец,ийгилик,талбай иштей бер,.....бирок тажрыйбалуу клипмейкер менен иштеш...ыр эн сонун...актерлорду туура танда..Кийинкисинде биздин суранычды эске аласын деген ойдомун.
0
malsirun
2016-09-01 10:22:29
Туурале тартылган аялдарга сабак болсун учун
+1
Аселя Ли
2016-11-22 23:58:37
Моложе меня на 15 лет а выглядит старше меня на 20 лет! Айгеримушка, надо тебе худеть срочно!
0
raykray
2017-01-15 14:32:50
Уйундо тартса дагы балее чон шаарда тартылса дагы суйлойсунор, бишкекте тартса Атасын клипендей кылып балык бышырган жер шорпо саткан жерде дейсинер, озунорку туурабы??? Клип азыркы турмушка жараша тартылган ошондой жудоп отурупда уйдогу жумуштан баарын жасапда и озуноргода карап сынбагыла айымдар деген мааниде! Клипке созсуз баарында ойногон сулуулар тартылсын деген закон жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан