Майрам Дүйшекеева Жан эркем

Жүктөлгөн: 03-08-2016
02:25
34.79 Мб
Майрам Дүйшекеева "Жан эркем"
Сөзү : А. Өмүркановдуку
Обону : С. Жумалиевдики
Кайгы-муңга кабылганда жан эркем,
Таң агызып жүрөгүңдүн так эртең
Канаттууга кактырбастан калкалап,
Кайрат болуп канга ойнодуң, жан эркем.

Келбетиңе көркү менен теңелген
Бул дүйнөдө сендей сулуу бар эчен.
Бирок, бирок жан бөлүшүп жанынан
Жандай көргөн жалгыз сенсиң, жан эркем.

Уул үйлөп, кыз узатып дагы эчен,
Мен кубансам сен жанымда жүр эсен.
Бул жашоого бир жаралып өзүңдү
Тапканыма бактылуумун, жан эркем.
Комментарийлер (1)
Kyialkech
2017-02-08 16:16:33
Аябай сонун ыр экен. Созу да обону да сонун. Текстин таппай жатам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан