Омар Сен

Жүктөлгөн: 17-08-2016
03:37
59.48 Мб
Жанр: Поп
Омар "Сен"
Сөзү : К. Качкынбаеваныкы
Обону : Мирбек Атабеков, Омардыкы
Сен барда болбойт кайгы тушаган,
Канат байлап уча алам,
Кайрайт мени бүт аалам.
Мен кайда барсам өзүң оюмда,
Сүйүү деген сонун да

Кайырма:
Сен кайдан келдиң?
Сен менен гана баарын жеңдим
Жок дебей мага жообуң бергин
Балапаным менин перим, аа.

Термеген, ырахатка бул убак,
Ыргагындай угулат,
Жүрөгүмдөн ыр курап.
Сен менен сезимимди аруулап,
Өмүрүмдү жаңылап...

Кайырма:

Ишенем сүйүү баяны,
Бактылуу болот аягы...
Комментарийлер (25)
Nurmira91
2016-08-18 18:19:00
Начар мааниси жок,
-1
Aitbek0101
2016-08-19 13:35:35
Nurmira91, кайсы ырлардын мааниси бар анан? бир эле фольклордон изде маанини.
0
Aitbek0101
2016-08-19 13:31:52
ай ушу биздикилердин музыка табити качан калыптанат? же силерге бир гана тойго ылайыктуу ырлар жагабы дейм да? музыканын жанрлары болот да. Омар озунун ырларын жанр алкагында жаздырат . чынын айтсам Омарга ыраазымын кичине заманбап ыр ,клип жаратып жатканына , болбосо биздин ырчылар эптеп эле тойго ылайыктап сапаты томон ыр,клип жаратып жатат. Омар сыяктуу ырчылардын да эмгегин бааласак. Эгер той ырларын жактыргандар сураныч барып ошол ырларды уккула да калп эле жамандай бербей!!!
+2
Aitbek0101
2016-08-19 13:32:59
Чынын айтсам коп той ырчыралынын ырлары бири-бирине коендой окшош!!!!
0
Afina
2016-08-19 22:16:19
необычный клип болуптыр. Молодцы. жакты! +10
0
Afina
2016-08-19 22:17:46
бул кайсы унвер?
0
LadyD
2016-08-20 01:09:26
Afina, АУЦА
0
nurmuhammed.abdibaitov
2016-08-19 22:19:55
клип жакшы экен))
0
LadyD
2016-08-20 01:13:58
клиптин аягына чейин башкы ролдо Макс Бегалиевдин жубайы Назгуль экен деп ойлогом :-)) акценттерди туура эмес кылып коюшкан го ))
0
Beka9292
2016-08-20 14:42:13
Super pufer
0
Oi_pikir
2016-08-23 18:42:56
Максат Бегалиевдин аялы таң калтырды)))жапжаш, супсулуу болуп кетиптир. Клип кызыктуу, АУЦАнын жаңы окуу корпусун тандап туура кылыптыр. Башкы каармандагы кыздын баарынан бир өзгөчөлүгү жакты: ашыкча боенбогону. Жакшы клип. Зачет, Омар)
+1
Tattybubu93
2016-08-23 19:48:30
Мага жакты. Образ Омарга аябай жарашыптыр
0
Beka95
2016-08-24 11:42:10
Сонун ыр экен . Клип супер кайра кайра угуп атам. Ырдын сапаты, Омардын уну, клиптин заманбап экендиги мага жакты. Мурунку клиптерине ичим чыкчу эмес ушунун.
+1
Samat1992SM
2016-08-27 14:22:25
Жакшы клип болуптур Американский стилде
+1
lunaika1
2016-08-28 00:28:46
Акыркыдагы кыз улам-улам алмашып калып жатыптыр го.
0
Beautymoon
2016-09-04 16:23:41
Ырдын созу качан болот???
0
Beautymoon
2016-09-07 14:36:42
Рахмат!!!)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан