Билем жаным, таарынасың мага дайым,
Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин.
Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң,
Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин.
Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын,
Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын.
Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр,
Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.
Комментарийлер (45)
prizrak
2009-06-06 01:01:50
ыр жакшы музыка жакшы.
клипти 1.22 ден кийин көрбөй эле койдум
0
Майрам эже
2009-07-10 01:19:08
Азаматсын Гулжигит эн сонун ыр,эн сонун обон Москва
0
ulukbek
2009-11-28 16:07:26
ен сонун клип оркундой бер Гулжигит.
0
LIVER
2010-03-15 20:35:42
Жакшы клип бирок Гулжигит озу ойносо болмок гл. ролду..
0
elllll
2010-08-16 09:56:58
but yrlaryn jagat saga iygilik...
0
NEZER
2010-09-27 17:37:29
Ушул ыр менен кооп нерсем байланыш. Создорун обонуна айкалыштырып сонун чыгарган. Гулжигит бардык ырларыныздын кумиримин
0
carcanat
2010-09-30 18:54:49
ir emes beken a? chirkin klip dagi originalduu...
0
Romantic
2010-12-22 00:56:59
iiiiiiiiiiiiyyy syzdatat go jon ele!!!sonun mazmunduu,kaigyluu yr eken!
ээ бул ыр озунуку эмес....Бакыт деген акенин ыры го....меники дебейле Бакыт акенин ыры дебейсизби
-3
kanikey
2012-12-20 15:29:35
KIPCHAK сенин жумушун канча кимдики деп айтат, сонун кылып элге жетчуудой кылып ырдап жатабы болду да, ушу сага окшогон коро албастар кыргызстанды бузуп жатышат.Атын да озуно жараша экен кырчак кыпчылып эмне кирдин сайтка.
0
nurgaaky
2013-03-24 23:36:50
Бул ырды укканда кооп окуялар эске тушот.
0
nurik838383
2013-12-02 17:37:20
аскат сулаймановтой актер жокко эсе почти, кыргыздын азыркы убактагы эн мыкты актеру экени талашсыз
0
adil150
2015-11-10 20:49:57
ардайым уккум кэлэт .
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.