Арзыбек Бедияров Түшүмө кирдиң түндө сен

Жүктөлгөн: 10-01-2017
03:33
66.35 Мб
Арзыбек Бедияров "Түшүмө кирдиң түндө сен"
Сөзү : Б. Алыбаевдики
Обону : А. Бедияровдуку
Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнү жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери "дүрт" эткен.
Сел болуп каптап,
Нур болуп аппак,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак куулар учуп,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү буруп,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Комментарийлер (4)
elvira1980
2017-01-10 19:33:39
Саламатсызларбы ушул ырдын mp3 кочуруп бербейсиздерби
0
K.peri96
2017-01-12 01:53:32
Kandai sonun yr maga jagat
0
muslim78
2017-01-14 21:03:11
Сонун
0
bokenov
2017-02-09 00:34:26
Жакшы ыр экен.Дагын жакшы чыгармаларды кутөбуз.Игилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан